Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин “Баатыр эне” ордендерин тапшыруу салтанатында сүйлөгөн сөзүнүн тезистери

“Ардактуу апалар, энелер!

Урматтуу мекендештерим!

Бүгүн бул жерде өлкөнүн бардык бурчунан өкүл болуп келген баатыр энелерибиз отурат. Сиздердей апаларыбыз, эжелерибиз, карындаштарыбыз бар үчүн – биздин ырыскыбыз бар. Кыргызстандын келечеги бар.

Дүйнөдө энеден ыйык, улуу нерсе жок. Бейиш – эненин таманы алдында деп бекеринен айтылган эмес. Эне – үй-бүлөнүн куту, берекеси, шам чырагы. Өмүрдүн башаты.

Кайсыл жашка келбейли кыйналган учурда биринчи кезекте апаларыбызга кайрылат экенбиз. Акыл сурап, колдоо күтөт экенбиз. Ар дайым эненин кеңешине, жылуу сөзүнө муктажбыз. Эненин акылмандыгы, мээрими баланы бийик максаттарга багыттап, чыныгы адам болууга үндөйт экен.

Мен деле карапайым үй-бүлөдө, апамдын жашы 40 тан өтүп калганда төрөлгөн экенмин. Эсимде, бала кездеги жашообуз жеңил болгон жок. Бирок апабыз өмүр бою, жайы-кышы совхоздо эмгектенип, бардыгыбызды - Москва, Ленинграддан окутуп, сапаттуу билим алууга шарт түзүп берген. Өзүнө жакшы кийим, сөйкө-шакек алган жок, далай кыйынчылык көрдү – бирок, баарыбызды окутту.

Жаш кезимде мага айткан акыл кептери кийин турмуштук кырдаалдардан чыгууга жардам берип,  жол көрсөттү. Апам мага көптү үйрөттү, көптү берди. Сиздерди көрүп, апамды көргөндөй болуп турам.

Ардактуу апаларыбыз, эжелерибиз, карындаштарыбыз!

Көп учурларда аялдардын, энелердин тагдырын көрүп бооруң ооруйт. Бала төрөйт, тарбиялайт, үй-бүлөнү багат, бардык оокат-тиричилик да мойнунда. Керек болсо атанын да, эненин да милдетин аткарат. Анан көп учурда ыраазычылыктын ордуна күйөсү, жакындары зомбулук кылып, кемсинткен учурлары да болот.

Акыркы жылдарда айрым эргулдар “баатыр энелерди” саясий куралга айлантып жатышат. Баатыр энелер жол бууп, имараттарды басып алып турса, Кыргызстандын келечеги кандай болот? Элибиз кайда барат? Мындай көрүнүштөргө жол бербеш керек.

Тарыхыбыздын эң татаал учурларында энелерибиз элдин биримдигин, амандыгын сактап келген. Элибизди, жерибизди коргогон. Курманжан датка апабызды эле эстесек. Элдин тынччылыгы үчүн баласын өлүмгө жөнөткөн. Муну эстен чыгарбайлы. Эне деген ыйык сөздү ыплас иштерге колдонбойлу, ылайга салбайлы.

Дорогие наши матери!

Благодаря вам жизнь каждого из нас наполнена светом, добром и смыслом. Мама – самое святое, что есть у каждого из нас. Самый близкий и родной человек.

Сердце матери и в радости и в беде всегда с нами. Мать – наш ангел-хранитель.

Дорогие наши матери!

Поздравляю вас с наступающим Днем Матери! Пусть в вашей жизни будет много светлых и счастливых дней! Пусть ваши дети и близкие дарят радость и добро! Желаю всем вам крепкого здоровья, любви, семейного счастья и благополучия! Низкий поклон, вам дорогие наши матери!

Ардактуу апалар, энелер!

Келе жаткан Энелердин Күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, бакубат жашоо каалайм! Кыргызстаныбызда тынчтык жана бейпилчилик орноп, келечеги кең, өнүккөн өлкөгө айлансын!”

 

16-май, 2014-жыл
Басып чыгаруу