Президент Алмазбек Атамбаевдин төкмө акын, комузчу Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык мааракесинин катышуучуларына куттуктоосу

Бүгүн, 2014-жылдын 23-майында, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Данияр Нарымбаев төкмө акын, комузчу Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык мааракесине арналган салтанатка катышып, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосун окуп берди.

Куттуктоонун тексти:

“Ардактуу меймандар!

Салтанаттын урматтуу катышуучулары!

Меймандос кыргыз жергесине кош келипсиздер!

Демократ акын, чоң комузчу Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгы быйыл Кыргызстанда гана эмес, бүткүл түрк дүйнөсүндө  кеңири белгиленип жатат.

Түрк дүйнөсүндө быйылкы жыл – Токтогул жылы деп жарыяланышы  абдан жакшы саамалык. Бул – залкар кыргыз акынынын талантына боордош түрк элдеринин көрсөткөн терең таазими, урматы. Бир тууган элдердин маданий байланыштарды тереңдетүүгө жасалган колдоого алаарлык аракети.

Токтогулдун төкмөлүк, комузчулук өнөрү жалпы адамзаттын көөнөрбөс руханий байлыгына айланышы кокусунан эмес. Атактуу акын  өз чыгармаларында  кыргыз элинин кылымдар бою көксөгөн азаттык тууралуу тилегин, арманын, үмүтүн таасын чагылдырган.

Токтогулдун акындык талантын, адамдык кайратын катаал Сибирдин сүргүнү да майтара албады. Тескерисинче,  1917-жылдагы социалисттик революцияны зор кубаныч менен тосуп алып, кыргыз элинин турмушундагы тарыхый бурулушту дүйнөгө жар салып, “жаңы заман жарчысы” деген атка конду.

Токтогул көп кырдуу таланттын ээси. Ондогон ырчылар менен комузчуларды тарбиялады. Жүздөгөн күүлөрдү, обондуу ырларды жаратып, кыргыз маданиятынын Алтын казнасын татыктуу чыгармалар менен толуктады.

Түрк дүйнөсүндө Токтогул жылынын белгилениши боордош элдерибиздин маданий байланыштарын чыңдап, кылымдарды карыткан достук мамилелерибизди тереңдетүүгө өбөлгө түзөт деп терең ишенем.

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                                                  Алмазбек Атамбаев”

 

23-май, 2014-жыл
Басып чыгаруу