Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында сүйлөгөн сөзү

“Урматтуу мекендештер!

Кадырлуу меймандар!

Кыргыз жергесине, кереметтүү Ысык-Көлгө кош келипсиздер!

Кыргыз бермети – касиеттүү Ысык-Көлдүн боюнда тарыхта биринчи жолу өтүп жаткан Дүйнөлүк Көчмөндөрдүн оюндары – бул зор окуя. Кыргызстан үчүн чоң сыймык. Бул оюбузду 2012-жылы Бишкектеги саммитте колдоп берген Казакстан, Түркия, Азербайжан Президенттерине чоң рахмат!

Көчмөндөр адамзат тарыхынын башатында турган, адамзаттын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон элдерден. Ата-бабаларыбыздын – көчмөндөрдүн философиясын, жашоо турмушун иликтеп билүүгө биз милдеттүүбүз.

Өткөн заманды, өз тамырын билгендер, келечекке да жолду таба алат.

Көчмөндөрдүн оюндарынын тушоосу кыргыз жеринде кесилгени бекеринен эмес. Кыргыз эли – көчмөндөр цивилизациясын түптөгөн, анын башында турган, тарыхка, каада-салтка бай, байыркы көчмөн элдердин бири.

Ата-бабаларыбыздын ыйык сөзүн, мурасын бийик тутуп, биргелешип келечекти куралы! Кудай ушул жолубузду ачып берсин! Бул жолду боордош элдер, санаалаш мамлекеттер менен бирдикте гана басып өтө алабыз! Биздин түпкүлүгүбүз бир. “Курама жыйып журт кылдым” деп Манас атабыз айткандай, башка улуттар, боордош элдер менен ширелишип турмуш куралы!

Уважаемые участники Первых Всемирных Игр Кочевников!

Уважаемые гости! Дамы и господа!

Позвольте приветствовать вас на берегу прекрасного озера Иссык-Куль и поздравить с открытием Первых Всемирных Игр Кочевников!

Впервые в Кыргызстане, в абсолютно новом формате проходит уникальный проект – «Всемирные Игры Кочевников». В предстоящие дни мы станем свидетелями зрелищных событий, которые отличаются своей самобытностью и уникальностью.

Еще в 2012 году в Бишкеке в рамках Саммита Совета сотрудничества тюркоязычных государств Президентами Азербайджана, Казахстана и Турции была поддержана инициатива по проведению Всемирных Игр Кочевников.

Не секрет, что многие виды спортивных единоборств родились из древних воинских состязаний, игр. Спорт всегда был силой, объединяющей народы.Уверен, наши Игры укрепят дружбу и взаимопонимание между нашими народами, будут способствовать дальнейшему развитию нашего культурного сотрудничества.

За прошедшие века с карты мира исчезли многие государства.  Канули в Лету многие народы . Но дух кочевой цивилизации продолжает жить. Её сила - в способности быть в гармонии с природой и вечно меняющимся миром. Это особенно важно в наш век – век изменений и глобализации.

Кочевые народы всегда почитали прошлое, помнили своих предков, они слагали легенды о своих героях и передавали их из поколения в поколение.

Так, духовной опорой кыргызов является тысячелетний эпос Манас, такие же великие герои и произведения есть и у других народов. Пусть наша история отражена не в древних каменных городах, но она живет в сердцах людей, в памяти народа. Нам важно помнить своё прошлое, помнить свои истоки. У нас много общего. У нас общие корни. Убежден, что и будущее у нас будет общим!

Урматтуу мекендештер!

Кадырлуу коноктор!

Бүгүн биз – көчмөн элдердин урпактары жүрөгүбүздө ата-бабаларыбыздын рухун, духун, атуулдук сезимин жандандырууга милдеттүүбүз. Ынтымакта жашаганды үйрөнсөк, чыр-чатакты токтотсок, тарыхыбызды, түпкүлүгүбүздү эстесек, анда сөзсүз жаркын, улуу келечекке ээ болобуз.

Касиеттүү Ысык-Көл боюнда байыркы доор менен келечек дал келип, бетме-бет жолугушуп тургансыйт! Бул оюндар көчмөн элдердин тарыхын, өнөрүн, маданиятын, табиятын дүйнөгө даңазалап, биздин биримдигибизди, ынтымагыбызды ширетет.

Дорогие гости!

Очень надеюсь, что всем вам понравился Кыргызстан, наша природа, наши небесные горы и хрустальные реки, наш волшебный Иссык-Куль!

Надеюсь также, что всем очень понравятся и Игры кочевников. Мы планируем сделать эти Игры ежегодными, и я приглашаю вас приехать к нам на следующий год на очередные Игры кочевников!

Дорогие друзья!

Я верю, что Всемирные Игры Кочевников останутся ярким событием в нашей памяти. Я благодарю всех, кто внес свой вклад в их подготовку. Пусть победит сильнейший! Пусть победят наше единство и дружба! Желаю спортсменам удачи и справедливого судейства. Всем зрителям – ярких и незабываемых впечатлений.

Урматтуу мекендештер!

Агайын туугандар!

Бүгүн башталып жаткан Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары, албетте, өлкөдөгү туризмдин өнүгүшүнө, ошондой эле өзгөчө Ыссык-Көл областынын өнүгүшүнө зор салым кошот. Бүт дүйнө үчүн Кыргызстандын эң сонун рекламасы болот!

Ошондуктан, өлкөнүн аброю үчүн, тартипти сактап, конокторду сыйлап, татынакай өткөрөлүк!

Урматтуу оюндардын катышуучулары!

Сиздер Улуу көчмөн Бабалар - Атилла, Огуз хан, Манас, Чыңгызхан, Бабырдын, урпактарысыңар!

Жараткан колдоп, бүгүн тушоосу кесилип жаткан Көчмөндөр оюндары ийгиликтүү өтсүн! Ынтымакты, биримдикти ширетсин!

Кудай элдерибизге жакшылык, берекет берсин!

Урматтуу мекендештер!

Кадырлуу коноктор!

Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын ачык  деп жарыялайм!

Дорогие друзья!

Уважаемые гости!

Объявляю Всемирные игры Кочевников открытыми!”

 

9-сентябрь, 2014-жыл
Басып чыгаруу