Президент Алмазбек Атамбаевдин Президентке караштуу тарых илимдерин өнүктүрүү боюнча комиссия мүчөлөрү менен жолугушууда сүйлөгөн сөзүнүн тезистери

Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзүнүн тезистери:

“Урматтуу тарых илимдерин өнүктүрүү боюнча комиссиянын мүчөлөрү!

Урматтуу жолугушуунун катышуучулары!

Бүгүн Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнө 90 жыл толду. Бул өлкөбүздүн соңку жаңы тарыхындагы негизги даталардын бири. 90 жыл мурун кыргыз мамлекетинин 1991-жылдагы кайра жаралуусунун негизи түптөлгөн.

Кыргыз эли Жусуп Абдрахмановдун, Ыманалы Айдарбековдун, Абдыкадыр Орозбековдун, Абдыкерим Сыдыковдун, Ишеналы Арабаевдин, Касым Тыныстановдун, Ташмухаммед Кудайбергеновдун жана башка көптөгөн чыгаан уулдарынын ысымдарын унутпай, таазим этет. Алар Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түзүү үчүн күрөшкөн.

Негизинен ал инсандардын күч-аракети менен облус 1926-жылы Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасы болуп өзгөргөн. 1936-жылы Кыргызстан СССРдин курамындагы союздук республикасынын статусун алган.

Кыргыздарда мамлекеттүүлүк идеясы дайыма жашаган. Бирок, 90 жыл мурда гана Кыргызстан элинин алдында кенен мүмкүнчүлүктөрдү ачкан негиз пайда болгон. Улуттук маданияттын кайра жаралуусуна, билим берүүнүн, адабияттын, искусствонун өнүгүүсүнө, экономиканын жана өнөр жайдын түптөлүшүнө, айыл чарбасынын өнүгүүсүнө жол ачылган.

Урматтуу илимпоз-тарыхчылар,

Эки миң жылдан ашык тарыхында кыргыз эли ар кандай сыноолордон өттү. Гүлдөп өнүккөн мезгилдерди баштан кечирди. Ич ара тирешүүлөрдөн, тышкы душмандардын таасиринен кулаган учурлары болду.

Элибиздин тарыхын изилдеп, илимий баа берүү - кыргыз илимпоздорунун ыйык милдети. Тарыхыбыздагы боштуктарды өзүбүз толуктабасак, анда бул ишти башка өлкөлөрдүн тарыхчылары, саясатчылары жасайт. Ошондуктан эң алгачкы жарлыктардын бири менен мен Тарых илимдерин өнүктүрүү комиссиясын түзгөм. Сиздер да бул жоопкерчиликти сезип, элдин ишенимин актайсыңар деп ишенем.

Уважаемые соотечественники!

Коллеги!

За более чем двухтысячелетнюю историю наша государственность проходила разные испытания. Переживала периоды расцвета и познавала времена упадка вследствие междоусобных распрей, воздействия внешних врагов.

Задача исторической науки Кыргызстана - исследовать и дать научно обоснованную оценку каждому этапу развития страны и народа. Специально для того, чтобы восполнить имеющиеся пробелы и разночтения, одним из первых моих указов была образована Госкомиссия по развитию исторической науки.

За прошедшее время мы наработали некоторый опыт сотрудничества науки и государства.

Силами вашей комиссии и Фонда исторического и культурного наследия «Мурас» ежегодно проводятся научно-практические конференции по вопросам Кыргызского каганата. Благодаря этому в ученой среде и, соответственно, в народе начало формироваться относительно единое представление об этом важнейшем этапе становления нашего народа.

Но в богатейшей истории кыргызов и Кыргызстана также много других страниц и важнейших этапов:

Таких, к примеру, как:

- кыргызы в древние века и средневековый период. Пока еще слабо исследованы период распада Кыргызского каганата и последующие несколько веков исторического развития нашего народа;

- история Кыргызстана периода джунгарского нашествия, взаимоотношений с Кокандским ханством и в составе царской России;

- в новейшей истории Кыргызстана относительно глубоко исследован советский период развития. Но у общества мало информации о научных разработках постсоветского периода. Народу нужна и научно-обоснованная оценка аксыйских событий, мартовской и апрельской революций.

Также, как и по научным исследованиям по Кыргызскому каганату, я готов и морально, и материально поддерживать эту работу.

Уважаемые участники встречи!

Хотел бы выделить еще ряд аспектов, подчеркивающих важность усиления внимания к вопросам развития исторической науки. Наша история полна не только белых пятен. Как показал анализ учебников истории, по многим вопросам нет единого понимания и оценки исторических событий, в том числе и того, что и как происходило в начале ХХ века.

По тому же факту образования Кара-Кыргызской автономной области в школьных учебниках разных авторов содержатся противоречивые утверждения.

Много субъективизма в оценке значения и роли отдельных исторических личностей. Все эти противоречия должны быть устранены в результате глубоких исследований и научных дискуссий.

Уверен, ученые историки обязаны вооружить народ единым пониманием своей истории. Что происходило с кыргызами и Кыргызстаном 2000 лет назад? Тысячу лет назад? Пятьсот и двести лет тому назад? Какие процессы охватывали нашу страну в XIX и XX веках? Это должен знать каждый школьник.

Особое значение имеет издание современных учебников по истории. Сегодняшние наши учебники уступают по качеству, по наглядности и доходчивости учебникам многих других стран.

Поддерживаю также предложение членов вашей государственной комиссии по переводу в электронный формат и оцифрованию документов в государственных архивах.

Мы должны это сделать для сохранения бесценного исторического наследия и в целях расширения доступа общества к изучению архивов.

В последнее время наблюдается рост интереса к истории и со стороны средств массовой информации. Надеюсь, журналисты продолжат эту работу, и общество получит доступ к большему объему исторических знаний.

Народ должен знать свою историю. В том числе для того, чтобы знать ошибки прошлого и не повторять их в будущем.

Урматтуу мекендештер!

Өткөндөгү каталарды кайталабоо үчүн эл өз тарыхын билиши керек. Өткөнүн билген эл келечекке жолду бат табат.

Акыркы жылдары мамлекетибиз жөнөкөй эмес сыноолорду баштан кечирүүдө. Бирок, өлкөбүздө стабилдүүлүк толук орносо – экономикалык өнүгүү күч алып, элдин жашоосу жакшыраары шексиз. Биз өнүгүүгө карай чоң кадам жасоого жакын турабыз. Ошол үчүн, ар бирибиз мамлекеттүүлүктү бапестеп, аны бекемдөөгө көмөк көрсөтүүбүз керек. Бул иште илимпоз тарыхчылардын да ролу өтө зор.

Бул маанилүү ишиңиздерде мен сиздерге ийгилик жана кайрат каалайм!

Көңүл бурганыңыздарга рахмат.

Президент

Кыргызской Республики                                               Алмазбек Атамбаев”

 

 

14-октябрь, 2014-жыл
Басып чыгаруу