Президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргызстан демократиялык кыймылынын (КДК) 25 жылдыгына арналган куттуктоосу

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

 “Урматтуу жыйындын катышуучулары!

 Быйыл Кыргызстандагы демократиянын карлыгачы болгон Кыргызстан демократиялык кыймылына (КДК) чейрек кылым толду. Жигердүү саясий-коомдук жараянда чейрек кылым деген оңойго турбаган, тарых беттеринде жөнөкөй из калтырбаган мөөнөт.

 Кыргызстан демократиялык кыймылы – улуттук кайра жаралуу жолунда жылдыздай жылт этип, бир таптуу коммунисттик режимге каршы, демократиялык мамлекетти түзүүгө бел байлаган бейформал уюмдарынын демилгеси менен 1990-жылдын 26-майында түзүлгөн. Бул уюмдардын алдыңкы катарын «Асаба», «Ашар», «Атуулдук демилге», «Боорукер», «Ак кеме» (Ленинграддагы кыргыз студенттеринин жердешчилиги) жана башкалар түзгөн.

 «Славян фонду», «Кыргызстан социал-демократтары», «Мемориал» клубу жана башка улуттардын өкүлдөрүнөн турган уюмдардын бул кыймылга мүчө болуп катталышы өлкөдөгү жаңылануу, жакшыруу жараянына кыргыздар гана эмес, башка улут өкүлдөрү да кызыктар болгонунун далили.

КДКнын биринчи жетекчилери: К.Акматов, Т.Тургуналиев, Ж.Жекшеев, К.Матказиев, Т.Дыйканбаев жана башка уюмдун жүздөгөн активдүү өкүлдөрү өлкөдөгү демократиялык жолдун  пайдубалын түптөгөн  десек жаңылышпайбыз.

 1990-жылдагы кайгылуу Ош окуяларынын кесепетин басаңдатууга, улуттар аралык тынч мамилелерди түзүүдө, ошол кезде мамлекетте стабилдүүлүктү сактап калууда да бул кыймылдын өкүлдөрүнүн эмгеги зор. Ал эми, кыргыз тилинин мамлекеттик макамга ээ болушуна КДК негизги ролду ойногон.

 КДКнын аракетинен улам 1990-жылдын октябрь айында мамлекетибизде алгачкы жолу альтернативдүү шайлоонун негизинде Президент мамлекеттин башчысы болуп калган. Мындай бийлик алмашуу Борбордук Азия чөлкөмүндөгү республикалардын ичинен биринчи болуп Кыргызстанда ишке ашкан.

 1991-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасы көз каранды эмес мамлекет макамына ээ болуп, көз карандысыздык Декларациясы кабыл алынган.

 КДК кыргыз элинин жана республикада жашаган жалпы калктын саясий, социалдык, руханий кулчулуктан бошонушуна, өз эркине, оюна, укуктарына ээ болушуна жана өз күчүнө ишенишине чоң салым кошту.

 Тарыхка айланган акыркы 25 жылды эске салсак, КДК башында турган жаңычыл күчтөр ошол мезгилде баа жеткис зор кызмат өтөгөн. Ал Кыргызстандагы көп партиялуулук системасынын бешиги десек да жаңылбайбыз. Себеби дал ушул кыймылдын курамынан “Эркин Кыргызстан” (Эрк), “Асаба” кайра жаралуу партиясы, “Ата-Мекен”, Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясы ж.б. саясий уюмдар өсүп чыгышкан.

 Демек, Кыргызстан демократиялык кыймылы кыргыз демократиясынын башаты дегенге татыктуу, ал азыркы Кыргызстандын эгемендүү, демократиялык түзүлүшүн түптөгөн, даңктуу тарыхка ээ.

 Өлкөбүзгө тынчтык, стабилдүүлүк, элибизге ынтымак каалоо менен бирге, КДКнын жасаган эмгектери келечектеги жаш муундарга үлгү болсун демекчимин.

 КДКнын 25 жылдык мааракеси куттуу болуп, элибиздин биримдиги андан ары бекемделе берсин!

Кыргызстаныбыз  ырыс-кешиктүү, гүлдөп өсө берген өлкөлөрдөн болсун!

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                        Алмазбек Атамбаев”

26-май, 2015-жыл
Басып чыгаруу