Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев мамлекеттик резиденцияда Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен жолугушту

Бүгүн, 2012-жылдын 5-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведевди кабыл алды.

Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Бишкекке Шанхай кызматташтык уюмунун мүчөлөрүнүн (ШОС) Өкмөт башчыларынын Кеңешинин отурумуна катышуу үчүн келген.

Жогорку мейманды тосуу аземинде Президент мындай деди: “Быйыл биз биргелешкен күч-аракетибиз менен Кыргызстан менен Россиянын мамилелеринде жаңы баракты ачтык. Бардык пикир келишпөөчүлүктөр артта калгандыгына мен кубанычтуумун. Биздин мамилелерибиз эми мындан ары өнүгүү үстүндө гана болот деп ишенем”. Мамлекет башчысы Россия Өкмөтүнө жана Президентине көрсөткөн жардамдары үчүн ыраазычылык билдирди. 

Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев жооп сөзүндө мындай деди: “Мен Сиз менен жүз көрүшкөнүмө кубанычтуумун, урматтуу Алмазбек Шаршенович! Сиз абдан туура белгиледиңиз, биз саясый да, аскердик-техникалык кызматташтыкта да “жаңы баракты” ачтык. Кыргызстан менен Россия Федерациясынын ортосунда кол коюлган бардык макулдашуулар ийгиликтүү аткарылат деген үмүттөмүн. Биз мындан ары да иштей беребиз, ал эми жеке мамилелер болсо өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты жакшырта берет”.

Ошондой эле Д. Медведев “Шанхай кызматташтык уюмунун мүчөлөрүнүн (ШОС) Өкмөт башчыларынын Кеңешинин отуруму эң жогорку деңгээлде өттү жана бардык өлкөлөр үчүн пайдалуу болду”, - деп белгиледи.

Тараптар ошондой эле эки мамлекеттин эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

2012-жыл 5-декабрь