Президент Алмазбек Атамбаев: “Кыргызстандын өзүнүн “энергетикалык алкакчасы” түзүлдү, эми ал өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын жана коопсуздугун камсыз кылат”

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  бүгүн, 28-августта, Чүй облусунун Кемин районунда өткөрүлгөн «Датка-Кемин» 500 кВ электрлиниясынын жана «Кемин» 500 кВ подстанциясынын  ачылыш салтанатына катышты.

Иш-аранын башталышында Мамлекет башчысы «Кемин» 500 кВ подстанциясынын  жалпы подстанциялык башкаруу пульту менен таанышып чыкты.

Андан соң Президент Алмазбек Атамбаев сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысынын сөзүнүн тексти:

 “Урматтуу мекендештер! Кадырлуу чет элдик коноктор!

Бүгүн биз тарыхый окуяга күбө болуп олтурабыз. Бүгүнкү окуянын түпкү маңызын ушул жерде турган энергетиктер жакшы түшүнүп жатат. Бүгүн биз Кыргызстан накта энергетикалык көзкарандысыздыкка ээ болду деп айтсак болот!

Баарыныздарды ушу сүйүнүч, ушу майрам менен куттуктайм!

Билесиздер, бул күнгө чейин өзүбүз өндүргөн электроэнергияны биз Токтогулдан Өзбекстан аркылуу алчубуз. Алганда да миллиондогон долларды транзит үчүн төлөчүбүз. Кыш келгенде болсо энергетиктерибиз жалдырап коңшулардын көзүн карачу: электроэнергияны кесип коёбу же кеспейби, свет болобу, же болбойбу деп. Кудайга шүгүр, эми биз эмес – алар жалдырайт.

Эми энергетикадагы биздин негизги максат: электрөндүрүүчү кубаттулуктарды кескин көбөйтүп, өлкөнү толук бойдон өзүбүздүн электрэнергиябыз менен камсыз кылуу.

Бул проблеманы чечүү үчүн биз келе жаткан эки жылдын ичинде Камбар-Ата-2 ГЭСин толук бойдон ишке киргизип, Жогорку-Нарын каскадынын биринчи ГЭСин салып бүтүрүшүбүз керек. Мындан тышкары, Бишкек ТЭЦинин жана Токтогул ГЭСинин реконструкциясын тездетиш керек.

Анан жамгыр жаайбы же жаабайбы, суу болобу же болбойбу деп божомолдоп отурбаш үчүн, тез арада Бишкекте газдан жана көмүрдөн электр өндүрүүчү станцияларын курушубуз керек. Мен бул маселе боюнча «Газпромдун» жетекчиси А.Б.Миллер менен сүйлөштүм. Ушундай бир электрстанция куруп бериңиз деп өтүндүм.

Ушул иштер бүтсө биз электрэнергия менен өзүбүздү да камсыз кылабыз, чет өлкөлөргө да кымбат сатканга мүмкүнчүлүк пайда болот.

Уважаемые соотечественники!

Дорогие гости и друзья!

Как вы помните, в 2013 году была запущена подстанция «Датка», в прошлом году мы завершили строительство подстанции «Кемин». Сегодня, в преддверии празднования Дня независимости Кыргызской Республики мы принимаем участие в торжественной церемонии запуска высоковольтной линии электропередачи «Датка—Кемин».

Тем самым в нашей стране создано собственное «энергокольцо», что обеспечит энергетическую независимость и безопасность Кыргызской Республики. Отныне электричество нам больше никто не отключит. Как известно, для транзита собственной электроэнергии из одного региона в другой регион республики через территорию соседних стран ежегодно тратили миллионы долларов США.  

«Датка-Кемин» стал крупным стратегическим проектом развития за годы независимости страны. Поздравляю всех с этим долгожданным историческим событием!

Энергетика является основой экономики любого государства. Это предопределяет необходимость опережающего строительства новых гидроэлектростанций, линий электропередач и подстанций для полного удовлетворения потребностей экономики и нужд населения в электроэнергии.

Остается еще много не решенных вопросов в отрасли. Но, целенаправленные усилия в энергетике, настойчивость и упорство в решении поставленных задач уже в ближайшем будущем приведут к позитивным переменам в нашей стране.

В настоящее время, кроме проектов по строительству подстанций и линий электропередачи, реализуются проекты по строительству Камбаратинской ГЭС-1 и Верхне-Нарынского каскада ГЭС. Опережающими темпами ведутся работы по модернизации ТЭЦ г. Бишкек. Начата реконструкция Токтогульской ГЭС и Ат-Башинской ГЭС. Мы приняли решение о запуске Камбар-Атинской ГЭС-2 на полную мощность. Прорабатываются вопросы строительства Кара-Кечинской ТЭС.

В рамках стратегического партнерства с Российской Федерацией все области нашей республики будут газифицированы российской компанией "Газпром". Российский инвестор планирует газифицировать более 60% территории Кыргызстана. По доступной цене "голубым топливом" будут обеспечены свыше 400 населенных пунктов страны. Объем инвестиций составит более 700 млн. долларов США.

Кроме того, руководитель компании «Газпром» А.Б.Миллер обещал рассмотреть вопрос о строительстве в Бишкеке электростанции, работающей на газе. Мы сможем не только обеспечивать электроэнергией себя, но и экспортировать в другие страны.

Ввод в эксплуатацию линии электропередачи 500 кВ «Датка–Кемин» и подстанции 500 кВ «Кемин» в установленные сроки наглядно показывает, что многомиллионные инвестиции в энергетику страны начинают давать положительные результаты.

Выражаю благодарность председателю Китайской Народной Республики Си Цзиньпиню за постоянно оказываемую поддержку. Хочу выразить благодарность также  Экспортно-импортному банку (Эксимбанку) и компании «ТВЕА», которые  непосредственно приняли участие в финансировании и сооружении данных энергообъектов и выполнили свою работу качественно и своевременно.

Хочу поблагодарить всех тех, кто участвовал в реализации этого проекта. За завершением данного проекта стоит колоссальный труд энергетиков Кыргызстана, работников компании «ТВЕА». Выражаю вам огромную благодарность! Конечно, в успешном завершении работы большая роль местных органов власти и жителей, которые всячески поддерживали наших энергетиков и с пониманием отнеслись к тем неудобствам, которые возникали при строительстве важнейшего энергообъекта. Спасибо вам! Вместе мы достигли еще одной цели в укреплении единства и целостности суверенного Кыргызстана, обеспечении его энергетической независимости, развитии экономики страны!

Хочу добавить, что вчера я дал поручение Комиссии по государственным наградам в срок до 15 сентября совместно с Министерством энергетики и промышленности внести предложения по награждению тех, кто внес особый вклад в строительство подстанций «Датка» и «Кемин», линии электропередач 500 кВ «Датка-Кемин».

Урматтуу мекендештерим!

Кадырлуу коноктор!

Өлкөбүздүн толук кандуу эгемендүүлүгү үчүн дагы бир чоң кадам жасадык. «Датка - Кемин» электр берүү линиясынын курулушу бүтүп, элибизди көп жылдардан бери кыжаалат кылып келген маселе чечилди.

Баарыңыздарды дагы бир ирет бүгүнкү тарыхый окуя менен куттуктайм!

Баарыңыздарга узун өмүр, чын ден-соолук, ишинерге ийгилик, бак-таалай каалайм!

Кудай колдоп, элибизге ынтымак, жерибизге берекет берсин!”

28-август, 2015-жыл
Басып чыгаруу