Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Эл аралык валюта фондунун департаментинин директору Масуд Ахмед менен жолугушуу болуп өттү

Бүгүн, 2012-жылдын 9-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Эл аралык валюта фондунун Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия департаментинин директору Масуд Ахмедди кабыл алды.

Жолугушуу учурунда тараптар Кыргыз Республикасы менен Эл аралык валюта фондунун ортосундагы кызматташтык маселелерин талкуулашты.

“Биз Эл аралык валюта фонду менен мамилелерибизге өзгөчө маани беребиз. Сиздер менен иштеш биз үчүн абдан маанилүү” – деди Алмазбек Атамбаев.

 “Кыргызстан менен Эл аралык валюта фондунун мамилелери узак тарыхка ээ. Биз колдообузду улантуу ниетиндебиз” -  деп белгиледи Масуд Ахмед.

Масуд Ахмед Кыргызстандын экономикасын, так айтканда экономикалык өнүгүүнүн локомотивдеринин бири болгон банк секторун өнүктүрүү боюнча Эл аралык валюта фонду Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтүнө кеңештерди берээрин билдирди.

Жолугушууда Эл аралык валюта фондунун Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия департаментинин директорунун орун басары Джуха Кахконен, Эл аралык валюта фондунун Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн башчысы Коба Гвенетадзе, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын төрайымы, Эл аралык валюта фондунда Кыргыз Республикасынан башкаруучу Зина Асанкожоева катышты.

2012-жыл 9-ноябрь