Президент Алмазбек Атамбаев: «Турдакун Усубалиев өмүр бою Кыргызстандын кызыкчылыктарын коргоп, Кыргызстан элине кызмат кылып өттү»

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек  Атамбаев бүгүн, 9-cентябрда борбордук “Ала-Тоо” аянтында өткөрүлгөн көрүнүктүү мамлекеттик, коомдук жана саясий ишмер Усубалиев Турдакун Усубалиевичти акыркы сапарга узатуу митинг-реквимине катышып, сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзүнүн тексти:

“Урматтуу мекендештерим!

Кадырлуу чет элдик коноктор!

Кыргызстан эли, мамлекетибиз орду толгус оор жоготууга учурады. Көрүнүктүү мамлекеттик, коомдук, саясий ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиев дүйнөдөн кайтты.

Турдакун Усубалиевдин чоң атасы улуу Калыгул өз урпактары жөнүндө: "Экөө жанаша чыкпайт, бирөө үзүлбөйт", - деп айткан экен. Ошол бирөө үзүлбөйт деген урпагы –бүгүн биз акыркы сапарга узатып жаткан Кыргыз эл баатыры Турдакун Усубалиев.

Турдакун Усубалиев кѳз жумган түнү Нарын областында жер титиреп, Теңир Тоолору солк эткени да бекеринен эмес деп ойлойм.

Турдакун Усубалиев 1919-жылы Кочкор районунун Теңдик айылында жарык дүйнөгө келген. Ал 70 жыл бою мамлекеттик жана партиялык орчундуу кызматтарда иштеди.1961-жылдан 1986-жылга чейин, башкача айтканда, дээрлик чейрек кылым Кыргызстан Коммунисттик партиясынын биринчи катчысы болуп, республиканы башкарды. Бул жылдар Кыргызстан үчүн жемиштүү да, жеңиштүү да доор болгон.

Усубалиевдин учурунда айыл чарба секторунда, айрыкча мал чарбачылыгында чоң ийгиликтер жаралган. Жыл сайын республикадан 100 миң тоннадан ашуун эт, 40 миң тоннадан кем эмес жүн союздук республикаларга жөнөтүлүп турган.

Ал башкарган 24 жылда Республиканын ички дүң продукциясынын көлөмү 2,5 эсеге көбөйгөн. Анын учурунда Бишкектеги ЭВМ, автомобиль жыйноочу заводдор, Оштогу ХБК, Кара-Балтадагы килем комбинаттары, Канттагы цемент-шифер, Токмоктогу айнек заводдору иштеп баштаган. Бишкектеги “Манас” аэропорту жана Лейлек, Нарын, Каракол аэропорттору пайдаланууга берилген.

Турдакун Усубалиев Кыргызстандын энергетика тармагын түптөгөн. Анын башкаруусунун алдында Токтогул, Күрпсай, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, Үч-Коргон ГЭСтери, Фрунзе ТЭЦи курулган.

Урматтуу мекендештер!

Улуу жазуучубуз Чынгыз Айтматов Турдакун Усубалиевди Фрунзе шаарынын архитектору деп бекеринен атаган эмес. Анын тушунда борбор шаарыбыз көркүнө келип, кайра жаралды. Улуттук илимдер академиясынын, Ак үйдүн, драма театрлардын, Улуттук китепкананын, “Айчүрөк” ЦУМунун, цирктин имараттары курулду. Ал эми Бишкек шаарынын ак мрамор менен кызыл гранитке оронгон борбордук аянты Турдакун Усубалиевдин кыргыз элине тартуулаган өзгөчө белеги десек болот. Бул аянт азыр да биз сыймыктанган салтанаттуу жана кооз, элибиз сүйгөн аянт.

Бирок, 1985-жылы Турдакун Усубалиев дал ушул ак эмгеги үчүн кызматынан алынган. Иштеги кетирген кемчиликтери же катачылыктары үчүн эмес, борбор калаабызды оңдогону үчүн куугунтук көргөн.

Турдакун Усубалиев жетекчи катары таза, адамгерчиликтүү, иштин көзүн билген адам болгон. Анын бул касиеттери азыр да баарыбызга өрнөк болууга тийиш. Ал өмүр бою Кыргызстандын кызыкчылыктарын коргоп, Кыргызстан элине кызмат кылып өттү.

Мухаммед пайгамбарыбыз айткан экен: “Мен да адаммын, мен да адашам”, - деп. Турдакун Усубалиевге карата сын-пикир, дооматтарды айткандарга совет мезгилинин шарттарын, рухун эске алсаңыздар деп кайрылат элем.

Уважаемые соотечественники!

Уважаемые зарубежные гости!

Сегодня мы провожаем в последний путь выдающегося сына кыргызского народа, Героя Кыргызской Республики Турдакуна Усубалиевича Усубалиева. Человека, который представляет собой целую эпоху в истории  Кыргызстана и войдет в нее как один из самых видных государственных, общественных и политических деятелей нашей страны. Как один из самых сильных руководителей Кыргызстана. Как человек, сделавший много для улучшения жизни кыргызстанцев. Как человек, внесший огромный вклад в дело возрождения кыргызской государственности.

За 24 года его руководства Кыргызстаном в советские годы наш народ достиг значительных успехов в развитии промышленности, сельского хозяйства.

Турдакун Усубалиев стоял у истоков развития энергетики Кыргызстана. Он приложил все усилия для того, чтобы ускорить строительство Фрунзенской ТЭЦ, Уч-Коргонской ГЭС, добился решения о строительстве  Токтогульского гидроузла на реке Нарын, в который вошли Токтогульская ГЭС, Токтогульское водохранилище и еще целый ряд гидроэлектростанций.

В те годы были построены аэропорт «Манас» и многие современные на тот период промышленные предприятия: Ошский хлопчатобумажный комбинат, Фрунзенский автосборочный завод, завод ЭВМ, Макмальский золоторудный комбинат, Кара-Балтинский ковровый комбинат и многие другие.

Особое внимание Турдакун Усубалиевич уделял развитию столицы Кыргызстана. Под его руководством полностью преобразился центр тогдашнего Фрунзе. Появилась одетая в белый мрамор новая центральная площадь, множество памятников архитектуры, объектов культуры, сферы обслуживания.

Это были годы созидания. Именно в те годы Кыргызстан признали индустриально-аграрной республикой. Кыргызстан бурно развивался, в том числе в сферах образования, науки и культуры.

Турдакун Усубалиевич обладал феноменальной памятью и будучи даже в преклонном возрасте мог в цифрах и фактах назвать все, что было построено, произведено и выращено в стране.

Турдакуну Усубалиеву приходилось принимать трудные решения. Возможно, он совершал ошибки, но и о них надо говорить с учетом реалий того времени. Вся его трудовая деятельность и жизненный путь –  высокий образец гражданственности, огромной воли и целеустремленности.

Турдакун Усубалиевич - достойный сын своего народа и останется в памяти кыргызстанцев, как выдающийся государственный деятель, блестящий руководитель и организатор, всю жизнь посвятивший служению  своему народу и своей Родине.

Урматтуу мекендештер!

Турдакун Усубалиев бийлик менен дөөлөттү көтөрө билген, сабырдуу, абийирин таза туткан, жөнөкөй инсан болчу.

Ал кишинин акыркы китеби “Жүрөгүмдө Кыргызстан” деп аталат. Мына ушул сөз бул улуу инсандын өз элине болгон терең сүйүүсүн, ак пейилин чагылдырат. Ардактуу аксакалыбыз бүт өмүрүн мекенине, Кыргызстанга арнаган.

Турдакун Усубалиевдин жасаган иштери, адамдык бийик сапаттары, мекенге болгон сүйүүсү баарыбызга үлгү, сабак.

Турдакун Усубалиевдин аты Кыргызстан тарыхына алтын тамга менен жазылат.

Кош болуңуз, кыргыз элинин ардактуу аксакалы!

Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко, иманыңыз жолдош болсун!

Жараткан жаннаттан жай берсин!”.

 

9-сентябрь, 2015-жыл
Басып чыгаруу