Президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз-россиялык региондор аралык IV конференциясынын катышуучуларына кайрылуусу

Бүгүн, 22-сентябрда Бишкекте “Евразиялык экономикалык бирлик.  Региондор аралык  кызматташуунун жаңы  перспективалары” аттуу  Кыргыз-россиялык региондор аралык IV конференциясы өтүп жатат.

Конференциянын ачылышында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз-россиялык региондор аралык IV конференциясынын катышуучуларына кайрылуусун Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат  Жетекчиси Темир Жумакадыров окуп берди.

Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти:

“Урматтуу  Региондор аралык конференциянын катышуучулары!

Кымбаттуу достор!          

Кыргыз Республикасы менен  Россия Федерациясын көп кылымдар бою калыптанган соода-экономикалык, социалдык жана маданий мамилелер байланыштырып турат.  Мамлекеттерибиз стратегиялык өнөктөштүккө алган багыты ошол мамилелерди өнүктүрүүгө жана  жарандарыбыздын жашоо  шарттарын жакшыртууга  жакшы негиз  болуп, кубаттуу дем бере алат.

Кыргызстан Евразиялык экономикалык бирликке кошулду. Уюмдун толук укуктуу мүчөсү катары жасалган алгачкы кадамдар туура чечим кабыл алынгандыгын ырастап турат. Биздин өндүрүшчүлөрүбүз үчүн  продукциясын сатып өткөрүүнүн жаңы рыноктору ачылды, экономикаларыбыздын  экспорттук мүмкүнчүлүктөрү кеңейди. Бир айдын ичинде  бажы төлөмдөрү көбөйдү жана ишкерлердин ишмердүүлүгү кыйла жанданганы байкалды. Россиялык-Кыргыз фонду менен кыргызстандык коммерциялык банктардын ортосунда Кыргызстандын чакан жана орто бизнесине, айыл чарба ишканаларына  каражаттарды бөлүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Бул багыттагы алгачкы кредит берилди. Эмгек мигранттарынын  абалы кыйла жакшырды.

Жакынкы аралыкта биз  интеграциянын жана эки тараптуу мамилелердин  чыңдалгандыгынын реалдуу жыйынтыктарын көрөбүз деп ишенем.

Алгачкы кадамдарыбыз жана болжолдогон пландарыбыз россиялык бизнестин Кыргызстанда  иштеши үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Урматтуу достор!

Конференция ийгиликтүү өтүп, Кыргызстан менен Россиянын ортосунда өз ара пайдалуу кызматташууну конкреттүү иштер менен тереңдетүү жана кеңейтүү жолундагы маанилүү окуяга айлансын. Ишиңиздерге ийгилик каалайм”.

 

22-сентябрь, 2015-жыл
Басып чыгаруу