Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Өлкөнүн бир катар кодекстерин жана мыйзамдарын иштеп чыгуу боюнча эксперттик топтор түзүлдү

Өлкөнүн бир катар кодекстерин жана мыйзамдарын иштеп чыгуу боюнча эксперттик топтор түзүлдү

Бүгүн, 2013-жылдын 1-февралында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Данияр Нарымбаев буйрукка кол койду.

Буйруккка ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 8-августундагы №147 “Кыргыз Республикасында сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык жана сот адилеттигин жүргүзүүдө процесстик жана башка укук ченемдерин өркүндөтүүгө багытталган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн эксперттик жумушчу топторун түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Соттук реформа боюнча кеңештин мүчөлөрүнүн, кызыкдар мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын сунуштарын көңүлгө алуу менен төмөнкүлөрдүн долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча эксперттик жумушчу топтор түзүлдү:

- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексинин жана Кыргыз Республикасынын Жосундар жөнүндө кодексинин;

- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин; 

- Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин;

- Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин;

- “Кыргыз Республикасынын аткаруу өндүрүшү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын;

- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына Кыргыз Республикасынын судъяларынын жоопкерчилигин жогорулатуу жагында өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү караган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын.

Аталган топтордун курамына окумуштуу-юристтер, судьялар, адвокаттар, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, өкмөттүк эмес уюмдардын жана эл аралык уюмдардын эксперттери кирди.

Бир катар эл аралык уюмдар эксперттик жумушчу топторго техникалык жана башка колдоо көрсөтүүгө даяр.

Жогоруда көргөзүлгөн мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууга жараша, эксперттик жумушчу топтор аларды Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Соттук реформа боюнча Кеңештин кароосуна киргизет. Бул үчүн акыркы мөөнөт катары 2013-жылдын 1-декабры чектелди.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

 

2013-жыл 1-февраль