Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Садыр Жапаровдун билдирүүсү боюнча Башкы прокуратурага расмий түшүнүк берди

Бүгүн, 2013-жылдын 28-мартында Жалал-Абад облусу боюнча иш сапарынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев анын атына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Садыр Жапаров тарабынан айтылган айыптоолорду төгүндөп, 25-мартта ал Башкы прокуратурага расмий тартипте тиешелүү түшүнүк бергендигин маалымдады.

2012-жылдын 3-октябрындагы «Ала-Тоо» аянтындагы митингде Садыр Жапаровдун сүйлөгөн сөзүндө «Кумтөрдүн» дивиденддеринен түшкөн 30 миллион сомду пайдалануу жана «Иштамберды» алтын  кенин чет өлкөлүк компанияга иштетүүгө берилиши боюнча Президентке түздөн-түз айыптоо айткандыгы белгилүү.

2013-жылдын февраль – мартында бул айыптоолор басма түрүндө, ошондой эле DVD-дисктер түрүндө массалык нускада таркатыла башташгандыктан, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин фракцияларынын бири Башкы прокуратурага депутат койгон айыптоолордун  негиздүүлүгү жөнүндө иликтөөлөрдү жүргүзүү талабы менен чыккан. Бул иштин алкагында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы өлкөнүн Президентине суроолорду жөнөткөн. Аларга Мамлекет башчысы төмөндөгүдөй түшүндүрмөлөрдү берди: 

«Берилген суроолордун маңызы боюнча төмөнкүлөрдү билдирем. Ооба, мен 2012-жылдын 3-октябрындагы митингде Садыр Жапаровдун сүйлөгөн сөзү менен таанышканмын.

Бул сөзүндө мен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болуп турганымда, 2011-жылдын 20-майында Осмонбек Артыкбаев менен бирдикте «Кыргызалтынды» өнүктүрүү шылтоосу менен мамлекетке «Кумтор Оперейтинг компаниден» дивиденддер түрүндө түшкөн 30 миллион сом суммасындагы каражатты чыгарып кеткендигим көрсөтүлгөн. С.Жапаровдун сөзү боюнча 30 миллион сом СССР убагында эле изилденген кен чыккан жерге пайдаланылмак жана ал боюнча томдогон документтер азыркы учурга чейин сакталгандыгын, андыктан изилдөөнүн эч кандай зарылдыгы жок болчу.

Мындан тышкары С.Жапаров жогоруда көрсөтүлгөн каражаттар максаттуу пайдаланылган учурда да өз буйругу менен 30 миллион сомду пайдалануу жөнүндөгү маселени чечүүгө Атамбаевдин укуктуулугу, б.а. Премьер-министр болуп турганда менин укуктуулугум жөнүндө маселе кала берет деп ырастайт.

Суроо: Сиз мамлекетке «Кумтор Оперейтинг компаниден» дивиденддер түрүндө түшкөн, «Кыргызалтын» АКны өнүктүрүүгө багытталган жана С.Жапаровдун айтуусу боюнча Сиз жана Осмонбек Артыкбаев чыгарып кеткен 30 миллион сом жөнүндө эмне айта аласыз?

Жооп: Аталган учурда С.Жапаровдун маалыматы туура эмес.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан «Кыргызалтын» ААКсы «Центерра голд Инк»компаниясынын 32 % акциясына ээлик кылат.

2010-жыл үчүн ишинин жыйынтыктары боюнча«Центерра голд Инк»компаниясы «Кыргызалтын» ААКсына 30,96 млн. канада доллары суммасындагы дивиденд төлөп берген. Бул болжол менен 1 млрд. 500 млн. сомду түзөт. 

Жыйынтыгында, дивиденддер С. Жапаров бышыктагандай «Кумтор Оперейтинг компаниден» эмес, «Центерра Голд Инк» компаниясынан келип түшкөнүн көрүп жатабыз, бул принципиалдуу мааниге ээ.  

Ал эми келип түшкөн 1 млрд. 500 млн. сомдун 2%ын түзгөн 30 миллион сом жөнүндө болсо, бул сумма «Кыргызалтын» ААКнын Уставында бекитилген кирешени бөлүштүрүү тартибине ылайык «Кыргызалтындын» өндүрүш ишин өнүктүрүүгө багытталгандыгын гана айта алам.

Суроо: «Кыргызалтын» ААКнын ишин өнүктүрүү үчүн 30 миллион сомду бөлүү жөнүндө мындай чечимди ким жана кандайча кабыл алган?

Жооп: «Кыргызалтын» ААКнын кирешесинен 30 млн. сомду өз ишин өнүктүрүүгө жумшоо тууралуу чечим, мыйзам талап кылгандай, «Кыргызалтын» ААКнын акционерлеринин жалпы чогулушунда кабыл алынган.

Суроо: Сиз «Кыргызалтындын» ишин өнүктүрүү үчүн 30 миллион сомду бөлүү жөнүндө чечим акционерлердин жалпы чогулушунда кабыл алынган деп жатасыз, ал эми С. Жапаров бул акча каражатын жеке Сиз бөлгөнсүз деп бышыктайт. Бул айтылган сөздөр  боюнча эмне түшүнүк бере аласыз?

Жооп: С.Жапаровдун айткандары  чындыкка дал келбейт, анткени мен «Кыргызалтын» ААКнын акционери эмесмин.

Мүмкүн ал Өкмөттүн 2011-жылдын 20-майындагы буйругун айтып жаткандыр. Анда Маммүлк министрлигине «Кыргызалтын» ААКнын акционерлеринин жалпы чогулушуна «Кыргызалтын» ААКнын эсебинен КР ФМ Борбордук казыналыгынын эсебине алынган дивиденддерди, которуу жөнүндө маселени алып чыгуу тууралуу тапшырма берилген, буларга төмөнкүлөр кирген эмес:

- аталган акционердик коомдун өндүрүш ишин өнүктүрүүгө багытталган 30 млн. сому;

- бюджетке төлөнүүгө жаткан киреше салыгынын суммасы;

- конвертациялоодо келип чыгуучу курстук айырма.

Буйрук мыйзамдуу жана туура болгон деп эсептейм.

Өз кирешесинин 30 млн. сомун өндүрүш ишин өнүктүрүүгө жумшоо «Кыргызалтын» ААКнын демилгеси болчу. Өкмөт бул демилгени колдогон, анткени мамлекет 100% акциясына ээ мекемесин өнүктүрүүсү керек.

Бул чечим мыйзам талап кылгандай, «Кыргызалтын» ААКнын акционерлеринин жалпы чогулушунда кабыл алынган.

Суроо: 30 млн. сомдун тагдыры эмне болгон, алар максатына ылайык пайдаланылганбы?

Жооп: Менин билишимче, аталган каражат азыркыга чейин «Кыргызалтын» ААКнын атайын эсебинде жатат. Иштерди баштоо үчүн жер бөлүү маселеси чечилбегендигине байланыштуу азыркы учурга чейин бул акча каражаттары иштетилген эмес.

Мындан тышкары, РК «Аманбанк» ААКнын 2013-жылдын 1-январына карата берген маалматына ылайык аталган 30 млн. сом «Кыргызалтын» ААКнын эсебинде кол тийбеген бойдон жаткандыгын белгилеп кетким келет.

Ошондой эле жогоруда аталган митингде Жапаров мен К.Бакиевдин тушунда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болуп турганымда, жалпы суммасы 4 миллиард АКШ долларын түзгөн 80 тонна алтын запасы бар «Иштамберды» алтын кен чыккан  жерди кытайлык «ФуллГолдМайнинг» компаниясына 40 миллион АКШ долларына берген деп жарыя салган.

Суроо: 2007-жылы Сиз канча  мезгил бою  Премьер-министрдин  кызматын ээлеп турдунуз эле.

Жооп: Мен аталган кызматты 2007-жылдын 30-мартынан ошол эле жылдын 28-ноябрына чейин ээлеп турдум, башкача айтканда 8 ай.

Суроо: Көрсөтүлгөн мезгил ичинде Сиз «Иштамберды» алтын кен чыккан жерди кытайлык «ФуллГолдМайнинг» компаниясына берүү жөнүндө маселени карадыңыз беле?

Жооп: Жок, «Иштамберды» алтын кенин, башка кен чыгуучу жерди берүү жөнүндө маселени жеке мен да, ошол учурда мен жетектеп турган Өкмөт да караган эмес.

Суроо: Бирок, С.Жапаровдун сөздөрү боюнча Сиз 2007-жылдын 27-августунда «Иштамберды» алтын кен чыккан жерди кытайлык «ФуллГолдМайнинг» компаниясына берген экенсиз. Бул ырастоо боюнча Сиз кандай  түшүндүрмө бере аласыз?  

Жооп: Жапаров мага мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы жосун жасады деп күнөө коюу максатында иш жүзүндө болгон фактыларды чаташтырган. Ал эми фактылар мындай болгон:

  1. «Ош-Сары Таш-Иркештам» транспорттук долбоорун жүзөгө ашыруу алкагында «инвестицияларды  ресурстарга алмашуу» схемасы боюнча жолдун кыргыз тилкесинин курулушун каржылоонун эсебинен КР Өкмөтү 2005-жылы «China Road BridgeCorporationinKyrgyzstan» деп аталган кытай фирмасына «Иштамберды» алтын кенине геологиялык чалгындоо жүргүзүүгө лицензия берген.  Бул туурасында  ал тургай Өкмөттүн 2005-жылдагы отчетунда чагылдырылган.

2.        2007-жылдын 23-августундаыйгарым укуктуу орган, б.а. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин жер казынасын  пайдаланууну лицензиялоо маселелери боюнча комиссиясы мурда берилген, тагыраак айтканда 2005-жылдын 5-октябрында жана 2007-жылдын 6-февралында берилген  эки лицензияны, эки тараптын макулдугу менен «China Road Bridge Corporation in Kyrgyzstan» фирмасынан «Фул Голд Майнинг» ЖЧКсына берилиши  жөнүндө маселени караган.  

Ошентип, Жапаров көрсөткөн дата дагы, субъект да, каралган маселенин көлөмү да чындыкка дал келбейт.

Суроо: 2007-жылдын 23-августунда Сиз Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо маселелери боюнча комиссиясынын ишине катыштыңыз беле?

Жооп: Жок, мен катышкан эмесмин, анткени Комиссиянын мүчөсү эмес болчумун.

Суроо: Сиз Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо маселелери боюнча комиссиясына «Иштамберды» алтын кени боюнча кандайдыр бир тапшырмаларды бердиңиз беле?

Жооп: Жок, «Иштамберды» алтын кени боюнча мен эч кандай тапшырма берген эмесмин.

Кыргыз Республикасынын ошол учурдагы (2005-жылдан 2009-жылга чейин) колдонуудагы «Жер казынасы жөнүндө» мыйзамына жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө» жобого ылайык  жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берүү жана кайтарып алуу функциялары көрсөтүлгөн мамлекеттик агенттиктин карамагында болчу.

Бул  жагдай жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо маселелеринде Мамлекеттик агенттиктин өз алдынча иш жүргүзө тургандыгын билдирет.

Суроо: Сиз 2007-жылы «Иштамберды» алтын кенине лицензия берилген эмес, Премьер-министр кызматына Сиз дайындалганга чейин «China Road Bridge Corporation in Kyrgyzstan» «Фул Голд Майнинг» ЖЧКсына берилген лицензияларды ыктыярдуу берүү жөнүндө маселе каралган деп белгиледиңиз. Чын эле ушундайбы? 

Жооп: Ооба, эң туура, анткени алтын кенин берүү дегенде лицензия берүү  деп түшүнүлөт.  «Иштамберды» алтын кенин берүү тууралуу чечим кабыл алынган мезгил:

- 2005-жылдын 5-октябры, «China Road Bridge Corporation in Kyrgyzstanга» «Иштамберды» алтын кен чыккан жерди геологиялык изилдөө максатында эки жылга пайдалануу укугуна лицензия берилген;

- 2007-жылдын 6-февралында,  «China Road Bridge Corporation in Kyrgyzstanга» он жылга  алтынды иштетип казууга  «Иштамберды» алтын кенинин  Жогорку бөлүгүндөгү алтын кендерди колдонуу укугуна лицензия  берилген.

Ал эми 2007-жылдын 23-августунда Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо маселелери боюнча комиссиясы эки лицензияны тең «Фул Голд Майнинг» ЖЧКсыналицензиялоонун шарттарын өзгөртпөстөн туруп өткөрүп берүүгө макулдук берген.  

Суроо: Сиз Жапаровдун «Иштамберды» алтын кен чыккан жердеги жалпы суммасы 4 миллиард АКШ долларын түзгөн 80 тонна алтын запасы бар деген билдирүүсү боюнча кандай  түшүндүрмө бере  аласыз?

Жооп: Мага белгилүү болгону, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматтарына ылайык, «Иштамберды» алтын кенинин долбоордук запастары ал учурда болжол менен 20 тонна алтынды түзгөн. Ошондой эле, 10 тоннадан ашыгыраак өлчөмдөгү болжолдонгон баланстык запастары (флангдары жана терең горизонттору) бар эле. Ошентип, 2007-жылга алгачкы изилденген запастары С.Жапаров бышыктагандай 80 тонна эмес, 30 тоннанын тегерегин түзгөн. Бирок, бул жагдай боюнча адистерге кайрылган  оң болот  го деп ойлойм.

Суроо: Айтыңызчы, Сиз премьер болгон аталган мезгилде «Иштамберды» алтын кенине байланышкан башка маселелер Сиз тарабынан каралды беле?

Жооп: Дагы бир жолу баса белгилегим келет, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан да, Премьер-министр катары мен тараптан дагы көрсөтүлгөн мезгил ичинде «Иштамберды» алтын кенин кимдир бирөөгө берүү боюнча кандайдыр бир чечим кабыл алынган эмес жана каралган эмес.  

Ошону менен бирге, 2007-жылдын 8-ноябрында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болуп турганда, мен «Ош-Сары Таш-Иркештам» автожолунун тилкесин реабилитациялоо жана «Иштамберды» алтын кенин иштетүү боюнча Кыргыз Республикасынын таламдарына жана мыйзамдарына жооп берген инвестициялык макулдашуу долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык эксперттик топту түзүү жөнүндө буйрукка кол койгом. Бул эксперттик топту ал кезде КР финансы министринин кызматын ээлеп турган А.У. Жапаров жетектеген.

Бул буйрук менен кенди берүү, алтын запасынын көлөмдөрү жана алардын наркы боюнча маселелер каралган эмес жана алдын ала чечилген эмес.

2007-жылдын 28-ноябрында, б.а. аталган ведомстволор аралык эксперттик топ түзүлгөндөн 20 күндөн кийин мен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматынан бошотулганмын.

Ведомстволор аралык эксперттик топтун тыянактары 2008-жылдын 15-январында, б.а. мен кызматтан бошогондон эки айдан кийин каралып жана Өкмөттүн буйругу менен жактырылган жана ага КР Премьер-министри И.В. Чудинов кол койгон».

2013-жыл 28-март