Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев: “Биз алдыга коюлган маселелерди чечип, өлкөнү көтөрүшүбүз керек”

Бүгүн, 2013-жылдын 14-майында, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешинин үчүнчү отуруму өткөрүлдү.

Туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук кеңешинин отурумунда төмөнкү маселелер каралды:

1. Таза шайлоо - өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн кепилдиги. 

2. 2013-2017-жылдардагы мезгилге Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегияны ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын январь-апрель айларына карата маалыматы.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардагы мезгилге Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына толуктоолорду киргизүү жөнүндө (“Түндүк-Түштүк” альтернативалуу авто жолун жана өлкөнүн түндүк менен түштүгүн бириктирген темир жолун куруу боюнча транспорт жана коммуникация чөйрөсүндөгү инвестициялык долбоорлордун тизмесине киргизүү).

4. Ар кандай маселелер.

Жыйынды ачып жатып, Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук кеңештин мүчөлөрүнүн көңүлүн таза шайлоо өткөрүү маселесинин маанилүү экендигине бурду.

“Таза шайлоо – өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн кепилдиги. Өлкөдөгү эки революциянын башкы себеби таза эмес шайлоо болгондугу баарына белгилүү. Ошондуктан парламентке болгон шайлоону максималдуу таза жана ачык өткөрүп алуу зарыл. Аны үчүн каражатты да, убакытты да аябашыбыз керек”, - деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Биринчи маселе боюнча негизги докладчы катары Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Данияр Нарымбаев чыкты. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов жана “Таза шайлоо” ассоциациясынын аткаруучу директору Айнура Усупбекова негизги докладчыны коштоп чыгышты.

Жыйындын жүрүшүндө 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүнүн жол-жоболорун жакшыртуу маселеси каралды. Жол-жоболорду техникалык жактан жакшыртуу аркылуу таза жана ачык шайлоо өткөрүү механизмдерин иштеп чыгуу маселелери талкууланды. Шайлоочуларды каттоо процессин жакшыртуу аркылуу шайлоого сапаттуу даярдануу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле, шайлоо майзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү 2015-жылдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого бир жыл калганга чейин аякташы керек экендиги белгиленди.

Маселени талкуулоонун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков, Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Феруза Жамашева, Жогорку Кеңештин депутаттык фракцияларынын лидерлери Феликс Кулов, Өмүрбек Текебаев, Мыктыбек Абдылдаев, Чыныбай Турсунбеков, Алтынбек Сулайманов, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү пикирлерин айтып, сунуштарын киргизишти.

Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын жакшыртуу боюнча жумушчу топ түзүү тууралуу чечим кабыл алынды.

Экинчи маселе боюнча Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 2013-2017-жылдардагы мезгилге Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегияны жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын январь-апрелиндеги иши тууралуу маалымат берди. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басарынын рангында финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Нурсулу Ахметова негизги докладды коштоп сүйлөдү.

Талкуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча  Улуттук стратегиянын жоболорунун аткарылышы жөнүндө талдоо жана инвестициялык улуттук долбоорлордун жүзөгө ашырылышы каралды. Улуттук кеңештин мүчөлөрү Өкмөттүн маалыматын эске алды. Бир айлык мөөнөттө иштелип жаткан программалык документтерди 2013-2017-жылдардагы мезгилге Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегиянын максаттары жана милдеттери менен шайкеш келтирүү сунушталды.

Бул маселени талкуулоодо Президент Улуттук кеңештин мүчөлөрүнүн көңүлүн  өлкөнү өнүктүрүүнүн Стратегиясында белгиленген милдеттерди так аткаруу керек экендигине бурду.

“Улуттук кеңештин милдети – бийликтин бардык бутактарынын башын бириктирүү. Эгерде биз Стратегияда 5 жылда 50 миң гектар сугат жерин ишке киргизебиз деп белгилесек, каражат таап, ишке ашыруунун жолун табышыбыз керек. Эгерде биз 50 миң гектар жерди  пайдаланууга киргизсек, он миңдеген жумушчу орундарды түзөбүз. Кооз программаларды ойлоп табуунун кереги жок. Жазылгандарды ишке ашырыш гана керек. Белгиленген  милдеттерди так аткарууга тийишпиз. Анын үстүнө бул өзүбүздүн биргелешкен, коллективдүү чечимибиз эле. Биз бир багытта кыймылдашыбыз керек. Белгиленген милдеттерди аткарып, өлкөнү  көтөрүш керек. Өлкө иштеп, алдыга өнүгүүгө тийиш”,- деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Андан соң Улуттук кеңештин мүчөлөрү “Түндүк-Түштүк” альтернативалуу автомобиль жолун куруу жөнүндө улуттук долбоорлордун тизмесине толуктоолорду киргизүү тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин сунушун жактырышты. Маселени талкуулоонун жүрүшүндө транспорт жана коммуникациялар министри Калыкбек Султанов автожолду куруунун бетачарын сунуштады. Зарыл болгон финансылоо көлөмдөрү, долбоорду жүзөгө ашыруу мөөнөттөрү боюнча эсептөөлөрдү келтирди.

Мамлекет башчысы альтернативалуу жолдун курулушу тууралу кеп кылганда, долбоордун өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуудагы маанисин баса белгиледи.

“Бул долбоор өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылат. Мындай долбоорлорго эч тайсалдабай кредит алып, жолдун курулушун башташ керек. Кыргызстан  бирдиктүү өлкө болууга тийиш. Келечек үчүн, өлкөбүздүн келечеги үчүн биз сөзсүз түрдө бул автожолду курууга милдеттүүбүз”,- деп билдирди Алмазбек Атамбаев.

Отурумдун соңунда Президент өлкөнү туруктуу өнуктүрүүнүн Улуттук  стратегиясында алдыга коюлган максаттарга жетүүгө ишенимин билдирип, аларды ишке ашыруунун ойлонуштурулган механизмдерин жана сунуштарды жигердүүлүк менен киргизүүгө чакырды.

“Биз алдыга койгон милдеттерди аткаруунун жолдорун табууга милдеттүүбүз”,- деди Алмазбек Атамбаев отурумду жыйынтыктап жатып.

2013-жыл 14-май