Президент Алмазбек Атамбаевдин Адам укуктарын коргоо күнүнө карата кайрылуусу

 Кайрылуунун тексти:

«Урматтуу кыргызстандыктар!

10-декабрда дүйнөдө Адам укуктарын коргоо күнү белгиленет.

2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик революциядан кийин Кыргызстан  адамдын кадыры  жана адилеттүүлүк  жогору бааланган укуктук мамлекетти бекемдөөнүн жолуна түштү.

Кыргызстан эли авторитаризмге кайра кайрылууга жол жок экендигине ынанып, ал эми дүйнө коомчулугу бул багыттагы биздин жетишкендиктерибизди белгилеп жатат. Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча Кеңешине  мүчө болуп шайланышы муну ырастап турат.

Өлкөбүздүн турмушунун бардык чөйрөсүндөгү демократиялык кайра түзүүлөр, масштабдуу мамлекеттик социалдык программаларды ишке ашыруу инсандын ар тараптан жана  шайкеш өнүгүшүнө, адамдын, биринчи кезекте балдардын, аялдардын, жаштардын, калктын аярлуу катмарларынын саясый, социалдык, экономикалык, маданий укуктарын ар тараптан коргоого шарт түзүүгө тийиш.

Биз парламенттик демократияны бекемдөөгө багып алып, жаңы технологияларды пайдалануу менен ачык  жана таза парламенттик шайлоо өткөрдүк.

Албетте, ийгиликтер  бар, бирок алдыда аткара турган милдеттер андан көп. Соттук-укуктук реформаны кыйла жигердүү ишке ашырып, карапайым адамдардын укуктарын жана мамлекеттин кызыкчылыктарын натыйжалуу жана өз учурунда коргоону камсыз кылууга милдеттүүбүз. Кыргызстанда бардык жарандар мыйзам алдында бирдей болушуна жетишип, терроризмге, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү керек.

Жарандар мамлекеттик органдардан  жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан  калыстыкты жана адилеттүүлүктү, ачык-айрым иш жүргүзүүнү талап кылууга  толук укуктуу.

Жеке менчикти, ишкерлердин, инвесторлордун, керектөөчүлөрдүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо – жарандардын экономикалык ишмердиги, эмгек жана социалдык укуктары чөйрөсүндөгү болочоктогу иштердин маанилүү багыттары.

Мына ушунун баары – мамлекеттин туруктуу өнүгүшүнүн, Кыргызстандын алдында турган жалпы улуттук милдеттерди ийгиликтүү ишке ашыруунун кепилдиги.

Бардыгыңыздарга  чың ден-соолук, бакубатчылык жана келечекке зор ишеним каалайм!

Кыргыз Республикасынын 

Президенти                                                     Алмазбек  Атамбаев».

10-декабрь, 2015-жыл
Басып чыгаруу