Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн бир катар кызматтарынын уставдарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Гарнизондук жана кароол кызматынын уставы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 20-июнунда кабыл алган.

Алар КР Куралдуу Күчтөрүнүн ички, гарнизондук жана кароол кызматтарынын колдонуудагы уставдарын төмөнкүлөр менен ылайык келтирүү максатын көздөйт:

1) КР Конституциясынын 24-беренсинин 3-бөлүгүнүн жоболору менен, ага ылайык соттун чечимисиз жана мыйзамда белгиленген негиздер менен тартиптен тышкары эч ким камакка алынышы, кайтарууда кармалышы же эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн эмес;

2) “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” мыйзам менен, ага ылайык аскердик кызмат чакыруу боюнча аскердик кызматты жана котракт боюнча аскердик кызматты камтыйт.

Мыйзамдар расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

"Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тексти >>>.

"Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Гарнизондук жана кароол кызматынын уставы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын тексти >>>.

2013-жыл 1-август