Президент Алмазбек Атамбаев: «Акыркы 4 жылдын ичинде дайындалган 290 судьянын бирине да пара алгандыгы же пара талап кылгандыгы тууралуу билдирүү жана маалымат түшкөн эмес»

Кыргыз Республикасынын судьяларынын кезектеги X съездине Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш. Атамбаевдин куттуктоо сөзү.

Мамлекет башчысынын куттуктоо сөзү:

“Урматтуу мекендештер!

Урматтуу судьялар съездинин катышуучулары!

Быйыл Кыргызстандын көз карандысыздыгына 25 жыл толот. Чейрек кылымдын ичинде Кыргызстандын эли чоң тарыхий жолду басып өттү. Тилекке каршы, алгачкы жыйырма жыл ичинде ийгиликтерге караганда жаңылуулар, катачылыктар көп болду. Бирок элибиз бардык сыноолордон татыктуу өтүп, 2010-жылдан кийин өлкөбүз руханий жаңыланууга жана экономиканы кайра түзүүгө багыт алды.  Ушундай эле революцияларды баштан кечирген көптөгөн мамлекеттерге салыштырмалуу Кыргызстан коомдук-саясий туруктуулукка жетишип, турмуштун бардык чөйрөлөрүндө маанилүү реформаларды турмушка ашырууда. Дүйнөдөгү башка мамлекеттердей эле  биздин өлкө да глобалдык кризистен улам кыйынчылыктарга туш болду, бирок, кыргызстандыктар бүгүн өз күчүнө ишенип, келечекке ишенимдүү карап калды.

Кыргызстандыктар менен кошо өлкөбүздүн сот системасы да калыптануу жолун басып өттү. Судьялардын X съезди кыйла татаал, бирок,  өтө маанилүү сот реформалары жүрүп жаткан учурда өтүүдө. Реформанын бардык үч багыты боюнча бизде жакшы жылыштар бар. Судьялар корпусуна кирген кадрларды жаңылоо жүрүп жатат. Биз судьялыкка талапкерлерди кылдаттык менен тандай баштадык. Мисалы, акыркы 4 жылдын ичинде дайындалган 290 судьянын бирине да пара алгандыгы же пара талап кылгандыгы тууралуу билдирүү жана маалымат түшкөн эмес. Ошол эле учурда бүтүндөй сот системасы боюнча мындай окуялардын саны 22ге жеткен. Бул да болсо, судьялар курамын жаңыртууга болгон биздин мамиленин туура экендигинин күбөсү. Быйыл биз бул маанилүү ишти негизинен аяктайбыз.

Судья чынчыл жана адилеттүү, калыс жана сатылгыс болушу керек. Албетте, жаңы судьялар корпусунун ушундай сапаттарга ээ болууга умтулуп жаткандыгы кубандырат. Мамлекет кесипкөй, чынчыл жана ак ниет судьяларды ар дайым колдойт.

Сот реформасы боюнча Кеңеш соттордун мыйзамдуу жана адилет чечимдерди чыгаруусуна негиз боло турган мыйзам долбоорлорун иштеп чыкты. Ал мыйзамдар сот процесстеринин ачык жана атаандаштыкта өтүшүнө өбөлгө болот. Азыр бул мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңеш карап жатат. Алардын кабыл алынышы жарандардын сотторго болгон ишенимин жогорулатат деген ишенимдебиз.

Кийинки 4 жылда сотторду каржылоо 2 эсеге өстү. Биз сот системасынын финансылык базасын чыңдап, судьялар корпусун материалдык жактан камсыздоону мындан ары да улантабыз. Сот процесстерин видеого тартууну жана  он-лайн-берүүлөрдү киргизүү сот системасына болгон ишенимди жогорулатат. Бул ишти жакынкы мезгилде киргизүү керек.

Бүгүн коомдо сот системасынын  ролун жана ордун түшүнүү бышып жетти. Ошондуктан адамдар сот бийлигиндеги көйгөйлөрдү өзгөчө көңүл буруу жана кызыгуу менен ачык-айкын талкуулап жатат. Мына ушунун баары ишке ашырылып жаткан сот реформасынын жакшы жыйынтыктары болуп эсептелет.

Биз сот адилеттигине “баш ийбегендердин” артыкчылыктуу кастасын жойдук. Бирок соттордун ишине элдин берген баасы азырынча начар экендигин моюнга алууга тийишпиз.

 Судьялардын таза жана адилеттүү иштөөсү мурдагыдай эле эң курч маселе бойдон калууда. Фемиданын кээ бир кызматчылары судьялардын көз карандысыздыгын жоопкерсиздик катары кабыл алып, адилетсиз чечимдерди чыгарган көп учурлар коомчулукту удургутуп, адамдарды кабатыр кылууда. Ошондуктан судьялардын ар бир татыксыз жүрүш-турушун так аныктап, баа бере турган механизмдер иштелип чыгышы керек. Бул ишке жарандык коомдун өкүлдөрүн тартуу зарыл, бул азыркы учурдун талабына да туура келет.

Судьялар съезди судьялар Кеңешинин мүчөлөрүн шайлоого жоопкерчиликтүү мамиле кылышы керек, анын курамына  судьялар корпусунун кадыр-барктуу жана татыктуу өкүлдөрүн киргизүү зарыл жана судьялар корпусун тазалоо боюнча чаралар көрүлүшү керек.

Эң негизгиси, Кыргызстан эли соттордун иши жакшыра баштаганын сезип, ага ишенгендей болушу керек. Сот системасындагы реформалар жөнөкөй кыргызстандыктардын турмушуна оң таасирин тийгизиши керек. Карапайым калк мыйзам жана соттор мыйзам сыйлаган жарандарды коргой турганын, мыйзам алдында бардыгы тең экенин жана кылмыш жазасыз калбасын иш жүзүндө көрүүгө тийиш.

 Урматтуу съезддин катышуучулары!

Кыргызстан укуктук мамлекет катары өнүккөн сайын сот бийлигинин ролу жана мааниси да ошончолук өсөт. Биздин максат – адилет, ачык, калыс, көз карандысыз жана жоопкерчиликтүү сот бийлигин түзүү.

Сиздерге бекем ден соолук, ишиңиздерге ийгилик каалайм! Съезддин  иши жемиштүү  болсун.

 Кыргызстаныбыз бейпилдикте гүлдөп, өнүгө берсин!”.

19-февраль, 2016-жыл
Басып чыгаруу