Президент Алмазбек Атамбаев: Аксы окуясы элибиздин көзүн ачып, адилеттик менен эркиндикке жол баштаган

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-мартта Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Аксы районунун Боспиек айылында 2002-жылы Аксы окуяларында курман болгондорду эскерди.

Мамлекет башчысы Аксы окуяларында курман болгондордун эстелигине гүлчамбар койду. Курман болгондордун арбагына багышталып, куран түшүрүлдү.

Андан соң Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Аксы окуяларынын 14 жылдыгына байланыштуу Кыргызстан элине кайрылуу жасады.

Төмөндө Президент Алмазбек Атамбаевдин кайрылуусунун тексти:

«Урматтуу мекендештерим!

Мен Аксыга келген сайын өзгөчө толкунданам.

Мындан 14 жыл мурда ошол кездеги бийлик дал ушул жерде өз жарандарын аткан. Эркиндик жана акыйкаттык үчүн өлүмдөн да коркпогон карапайым аксылыктар ошол күнү кыргыз элинин эр мүнөзүн бүт дүйнөгө көрсөтүп,  улуттун намысын коргоп калышкан.

Аксы окуясы  элибиздин көзүн ачып, адилеттик менен эркиндикке жол баштаган.  Аксы окуясы элдин аң-сезимин өзгөртүп, улуттук намысыбызды ойготкон. Коомубуз тазаланып, үй-бүлөлүк башкаруудан арылып, накта элдик бийликтин орношуна карай жол дал ушул жерден башталган.

Аксыдан башталган.

Боспиектен башталган.

Адилеттик, эркиндик деп өмүрүн берген аксылык эр-азаматтар Эркиналы Четимбаевдин, Кадыркул Сапаралиевдин, Медетбек Бекмуратовдун, Сатымбай Үркүнбаевдин, Советбек Тагаевдин, Элдияр Үмөталиевдин эстелигине таазим кылабыз. Аксылыктарды колдоп, ачкачылык жарыялап, каза тапкан бишкектик Шералы Назаркуловду эскеребиз. Жаткан жерлери жаннат болсун!

Азыр арабызда ошол күндөрү, 14 жыл мурда Аксы окуяларында канкор бийликке каршы турган, жаракат алган, запкы көргөн эр жүрөк мекендештерибиз турат. Сиздерге да таазим этем, сиздер менен сыймыктанам!

Урматтуу мекендештерим!

Аксы окуясы Кыргызстан тарыхына, көптөгөн адамдардын, анын ичинде менин да тагдырыма терең из салды. Аксылыктардын эрдиги ошол кездеги оппозицияга дем берип, намысын ойготкон, үй-бүлөлүк - кландык режимге каршы жалтанбай күрөшүүгө баарыбызга күч берген.

11 жыл мурда, 2005-жылдын 24-мартында  элибиз канын сүлүктөй соруп, сөөгүн курттай кемирген Акаевдин үй-бүлөлүк бийлигин кулатты. Тилекке каршы, элдин кубанычы узакка созулбады, Акаевдин үй-бүлөсүнүн ордуна элдин жеңишин уурдап, ач көздүгү, канкорлугу менен аша чапкан бакиевдердин үй-бүлөсү келди. 

Бирок, 2010-жылдын 7-апрелинде чыдамы түгөнгөн элибиз экинчи үй-бүлөлүк бийликти да кулатты. Бул канкор, ач көз үйбүлө да элибизди сындыра алган жок.

Урматтуу мекендештер!

Ар бир адам эркиндикке, адилеттикке умтулат. Мындан эки кылым илгери эле улуу философ Вильгельм Гегель “Адамдын түпкү максаты эркиндик. Эркиндикке умтулуу адамдын өмүрүнүн жана тарыхтын маңызы” деп айткан.

Эч качан бирөөгө тизе бүгүп, кул болуп көрбөгөн кыргыз элине Гегелдин бул сөздөрү дал келет. Эркиндикке, адилеттикке умтулуу сезими элибизде өзгөчө курч болуп, кан-жанына сиңген.

Урматтуу мекендештерим!

2002-жылдын 17-марты, 2005-жылдын 24-марты жана 2010-жылдын 7-апрели кыргыз элинин адилеттикке, эркиндикке карай басып өткөн татаал, кандуу жолдун эң маанилүү, эң сыймыктуу күндөрү.

Бир оор жолдун үч ашуусу.

Ошондуктан бул күндөр мамлекет тарабынан расмий белгиленген күндөрдүн катарында сөзсүз орун алышы керек. Антпесек болбойт. Мисалы, жылдын башында Улуттук китепкана түзгөн тийиштүү тизмеге ушул күндөрдүн бири да кирбей калыптыр. Бул туура эмес деп, тизмени оңдоттурдук.

Анткени, Аксы окуялары болбогондо, Март жана Апрель революциялары болбогондо, Кыргызстандын келечеги бүдөмүк болмок. Бул күндөр кыргыз элинин тарыхындагы эң маанилүү күндөрдүн бири.

Ошондуктан, менин оюмча, бул күндөр майрам күндөрүнүн катарына кирбесе да, расмий белгиленген күндөрдүн катарына кирип, мектеп китептеринде, календарларда сөзсүз орун алышы керек. Орусча айтканда: “Эти дни должны быть красными днями календаря”.

Бул биздин парзыбыз.

Урматтуу мекендештерим!

Мен дагы бир жолу кайталагым келет: Аксы окуясы  элибиздин көзүн ачып, адилеттик менен эркиндикке жол баштаган.  Аксы окуясы элдин аң-сезимин өзгөртүп, улуттук намысыбызды ойготкон. Коомубуз тазаланып, үй-бүлөлүк башкаруудан арылып, накта элдик бийликтин орношуна карай жол дал ушул жерден башталган.

Аксыдан башталган.

Боспиектен башталган.

Биз ушул жолдон адашпасак.

Азгырык сөздөргө алданып, бузукуларды, сасык саясатчыларды ээрчип кетпесек.

Анда ушул жолду баштаган жигиттерибиздин арбагы бизди кечирбейт. Бул жолду улайбыз деп өлгөн жигиттердин да арбагы кечирбейт.

Анда биз балдарыбыздын, өлкөбүздүн келечегине балта чабабыз.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                       А.Атамбаев».

 

 

17-март, 2016-жыл
Басып чыгаруу