Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев укук коргоо органдарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү

Бүгүн, 2013-жылдын 5-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн укук коргоо органдарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.

Мамлекет башчысы мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин, коомдук  тартипти сактоону, кылмыштуулукка каршы күрөштү камсыз кылуу  боюнча көрүлүп жаткан чараларга байланыштуу күч түзүмдөрүнүн маалыматтарын укту.

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөдө тартипти жана стабилдүүлүктү сактоо боюнча белгиленген маселелерди аткарууда Кыргызстандын бардык мамлекеттик органдары ырааттуу жана так иш алып барууга милдеттүү экендигин баса белгиледи.

 

2013-жыл 5-декабрь