Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Мекенди коргоо күнү менен куттуктоосу

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу мекендештер!

 Мекенди коргоо күнү – элге, өлкөгө кызмат кылуунун белгиси, чыныгы атуулдардын сыймыктуу майрамы.

Кылымдарды карыткан тарыхыбыздын эң татаал учурларында Мекенди коргоо үчүн аскерлер менен бирге карапайым мекендештерибиз дагы тикесинен тик турган. Өз өмүрүн аябай элибизди, жерибизди душмандардан коргоп, кыргыз мамлекеттүүлүгүн сактап калышкан.

Аталарыбыз Улуу Ата Мекендик согуш майданында душман менен салгылашкан. Миңдеген мекендештерибиз афган согушун баштан өткөрүп, Баткен окуяларына катышкан. Азыркы тынчтык мезгилде дагы Мекенибиздин чек арасын коргоп, карапайым кыргызстандыктар курман болуп жатат.

Ардактуу мекендештер!

Ар бирибиздин ыйык милдетибиз – Мекенибизди коргоо, өлкөдөгү тынчтыкты жана туруктуулукту сактап калуу. Күчтүү, эркин, гүлдөп өнүккөн Кыргызстанды куруу. Бул бийик максатка жетүүнүн негизги шарты - күчтүү армияны түзүү жана Кыргызстандын чек араларын бекемдөө.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн реформалоо башталды. Заманбап, кесипкөй, жакшы куралданган, өлкөбүздү коргогонго жөндөмдүү армия түзүлөт. Армияны башкаруунун системасы да түп тамырынан өзгөртүлөт.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Мекен коргоочуларынын күнү менен куттуктайм. Өлкөнүн жаркын келечеги үчүн эмгектенген мекендештерибизге, Мекен сакчыларына чың ден соолук, үй-бүлөдө бакыт-таалай, тынчтык жана ынтымак каалайм!

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                                         Алмазбек  Атамбаев”

2014-жыл 21-февраль