Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин 2010-жыл июнь трагедиясынын 6 жылдыгына байланыштуу Кыргызстан элине кайрылуусу

Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти:

“Урматтуу мекендештер!

Бүгүн Кыргызстан эли 2010-жыл июнь трагедиясын эскерүүдө. Ал күндөрү 442 мекендешибизден айрылганбыз. Андан бери алты жыл өтсө да, биз азыркыга чейин курман болгондор менен дайынсыз кеткендерди жоктоп келатабыз. Ал каргашада миңдеген адамдарыбыз жаракат алып, майып болуп калышты.

Өлкө түштүгүндө соӊку жарым кылымда бул үчүнчү ири этнос аралык жаӊжал болду. 60-жылдардагы адам курмандыгына алып келген кагылыш бийликтерге да, коомго да сабак болгон эмес. Ошондуктан 30 жылдан кийин – 1990-жылы Ошто кандуу кагылыш кайра кайталанды. Бирок бул жолу да системалуу өзгөрүүлөрдү жасоо ордуна батырак унутууга шашышты. Ошондуктан ажырым улам тереңдей берди, өзгөчө мектептер менен жогорку окуу жайларды окутуу тилине карап бөлүү бул көрүнүштү тездетти. Маалымат мейкиндиги да бирдиктүү болбой, ар тараптын тили боюнча бөлүнүүсү күчөгөн.

«Ооруну жашырсаӊ, өлүм ашкерелейт» дегендей, 20 жылдан кийин – 2010-жылы июнда этнос аралык араздашуулар очогу кайра жалындады. Анткени, өчүрүлбөй калган чокту тутандыруу оӊой экенин эске алышкан эмес. Анын үстүнө акча менен бийлик дегенде баарына даяр сепаратисттер менен улутчулдар араң эле турушкан. Андайлар эл көзүнө баатыр болуп көрүнгүсү келишет, чынында алар өз элинин душмандарынын тилине кирип, боордошторун өлүмгө түртүшкөн. Апрель революциясынан кийин эркин, көз карандысыз жана күчтүү Кыргызстанга жамандык санаган карасанатай күчтөр мына ушундан пайдаланышты.

Жаңжалдардын залакасы адатта карапайым элдин башына түшөт. 1990-жылы абдан бай супердержава болгон СССР курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө болгону 1300 рублдан төлөгөн. Ал кезде бул акчага эки отургуч, телевизор менен муздаткыч сатып алуу мүмкүн эле. Ал эми 2010-жылы жабыр тарткандардын турак-жайлары калыбына келтирилди же жаңы үй-жайлуу болушту. Андан тышкары жабыр тарткандардын үй-бүлөлөрүнө 1 миллиондон сом берилди! Эл аралык жана гуманитардык жардамдарды эсептегенде тынч жашоону калыбына келтирүүгө баш-аягы 14 миллиарддан ашык сом жумшалды. Анын ичинен республикалык бюджеттен эле 6 миллиарддай сом сарпталды.

Бул акчалар асмандан түшкөн жок! Кыргыз Өкмөтү түштүктү калыбына келтирүү үчүн өлкөнүн башка облустары менен шаарларына каралган бир катар социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду кыскартууга мажбур болгон.

Албетте, кеп сарпталган каражаттар менен акчаларда эле эмес. Ошол кезде мамлекетибизди чачырап жоголот, гуманитардык капсалаңга дуушар болот деген көсөмдөр көп болгон. Биз болсо тетирисинче кыйраган үйлөрдү, ишканалар менен мекемелерди калыбына келтирдик, адамдар арасында ондогон жылдар бою өкүм сүрүп келаткан ажырымды токтотуп, бири-бирине ишенимди кайтарууга өбөлгө болгудай система түздүк. Өткөндүн сабагын эске алып, кан төгүүлөр кайталанбасы үчүн бүткүчүбүздү үрөдүк.

Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыӊдоо Концепциясын иштеп чыгып, жүзөгө ашырууга кириштик. Концепция үч этаптан туруп, билим берүү жана маданият, социалдык жана кадр саясаты, идеология жана экономика, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат сыяктуу маанилүү чөйрөлөрдө конкреттүү иш чаралар планын камтыйт.

Бүгүн Концепциянын негизги багыттары боюнча бекем пайдубал түзүлдү деп ишенимдүү айта алабыз. Биринчи эки этапта каралган иш чаралардын көбү аткарылды. Этностор аралык чөйрөдөгү саясатка жоопкер мамлекеттик агенттик түзүлүп, жер-жерлерде аны жүргүзүү системасы жаралды. Кадр саясатында да оң жылыштар байкалууда.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясаты боюнча бирдиктүү программа кабыл алынып, жүзөгө ашырылууда. Тарыхта кыргыз тили азыркыдай ар тараптуу өнүккөн эмес. Бул багытка бюджеттен миллиондогон сомдор жумшалууда. Жаңы окуу китептери басылып чыгып жатат. Этностук тегине карабай Кыргызстандын улам көптөгөн жарандары мамлекеттик тилге ниетин буруп, сүйлөй башташты.

Кыргыз тилин билүү деңгээлин баалоо боюнча заманбап системаны иштеп чыгууга үч жыл кетти, быйыл мамлекеттик кызматчыларды “Кыргызтест” программасы боюнча сынактан өткөрүүгө киришебиз.

Элдин биримдигин камсыз кылууда биринчи жана негизги катары “көп этностуу коомдо тилдердин жана маданияттардын ар түрдүүлүгүнө урмат мамиле” жасоо керек деп бизге сырттан тынбай таңуулап келишти. Мындай саясаттын арты көп өлкөлөрдө, анын ичинде Европада эмне кесепеттерге алып келгенине бүт дүйнө күбө болуп жатат.

Кыргызстан өз концепциясында өлкөбүзгө, тарыхыбызга, маданиятыбыз менен мамлекеттик тилибизге урмат мамиле жасоо, Мекенди сүйүү биринчи турушу керек деп эсептейт. Ушул нерсе гана бириктирүүчү күч болуп, кыргыздар менен башка этнос өкүлдөрүнүн ортосундагы мамилелердин шайкештигин камсыз кылат.

Маданият, спорт жана маалымат чөйрөлөрүндө ийгиликтер жаралууда. Өлкөнүн башкы телеканалында орус кыз кыргыз тилинде жаңылыктарды алып барганда көпчүлүктүн кубаттоосуна татыганы эсибизде. Же болбосо өлкөбүздүн ар кыл этностук жамааттарынын өкүлдөрүнөн турган футболдук курама командабыз, башка спортчуларыбыз Кыргызстандын желегин сыймыктана көтөрүп баратканы кандай гана бийик сезимди жаратат!

Этностук тегине карабастан, көптөгөн мекендештерибиз өздөрүн кыргыз жараны катары сезе баштаганы биз туура жолдо баратканыбызды көрсөтөт. Кыргызстан түштүгүндө өзбек мекендештирибиздин мамлекеттик тилде улам көбүрөк сүйлөй баштаганын эл биримдигине карай жолдогу зор жетишкендигибиз катары баалайбыз. Ондогон жылдардан кийин биринчи жолу Ошто кыргыз тили басымдуулук кыла баштады, өзбек жарандарыбыз кысынбай кыргызча сүйлөп жатат. Мына ушунун өзү эле этностор арасындагы маанайды жакшыртып отурат!

Капсалаңдан алты жыл өткөндөн кийин артка сереп салып, көп иш жасалды деп айта алабыз. Бирок ушунун баары өзүнөн өзү эле болуп калды деген жаңылыш ой. Тынчтык менен ынтымакка мамлекеттик органдардын, жарандык коом институттарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, көп сандаган ак ниет жана абийирдүү жарандарыбыздын күн сайын тынымсыз эмгеги аркылуу жетиштик.

Алдыбызда дагы оор милдеттер турат. Эң биринчи, албетте, тынчтыкты чыңдоо. Президент менен Өкмөт өз милдетин аткарууда. Бирок өлкөдө тынчтык менен бакубатчылык ар бир  көчөдөн, айыл менен шаардан башталат! Ар бир жаран, ар бир айылдын башчысы буга жоопкер!

Этностор аралык чөйрө өтө аялуу экенин эсибизден чыгарбайлы. Бүт дүйнөдө ушундай. Бузуку күчтөрдүн кандуу жаңжалдарды ушул чөйрөдөн баштаганы бекеринен эмес. Өлкөбүздө тынчтык менен ынтымакты өзүбүздөн башка эч ким камсыз кылбайт. Кыргызстандын ар бир жараны өз үйүндө, көчөсүндө, айылында жана шаарында тынчтык үчүн жоопкер экенин сезүүгө тийиш.

Өлкө түштүгүндө соңку 50 жылда үч ирет этностор аралык чоң жаңжал чыгып, жүздөгөн адамдын өлгөндүгүн эске алып,  түштүктө жашаган ар бир жараныбыз өзүнүн сөздөрүнө, жасаган ишине жооптуу экенин эскертким келет!

Мындай каргаша экинчи кайталанбаш керек!

Урматтуу мекендештер!

Элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыӊдоо Концепциясын ишке ашырууда ар бир кыргызстандыктын этносуна же динине караганда анын жарандыгы башкы мааниге ээ болушуна жетишүү керек. Өлкөбүздүн ар бир жараны Кыргызстан элинин тарыхын жана маданий мурасын билип: “Мен кыргыз жаранымын!” деп айткан күнгө жетели. Ошону менен катар кыргызча, орусча жана дагы бир дүйнөлүк тилди эркин билүү аркылуу өз этносунун тили менен маданиятын өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуусу керек.

Этностор аралык чөйрөдө мыйзамга таянуу зарыл. Укук тартибине жана адам укугун коргоого жоопкер кызматкерлер өздөрү укук бузуп жаткан окуялар аз эмес.

Укук коргоо органдарында адам укуктары бузуу көрүнүшү орун алып турганда эл биримдигине этият мамиле жасаган, Кыргызстанды чын дилинен сүйгөн жарандар муунун калыптандыруу боюнча бардык аракеттерибизден майнап чыкпайт.

Бул жооптуу иште Кыргызстан элинин Ассамблеясы жаңы ордун табууга тийиш. Ассамблеянын жаңы жетекчилиги менен өлкөдөгү этно-маданий борборлордун эл биримдигин жана мамлекеттүүлүгүбүздү чыңдоо аракеттерине чоң үмүт артабыз.

Урматтуу мекендештер!

Элибизде “Курама темир курч болот” болот деген тереӊ сөз бар. Убагында кыргыздар тегерегине көп улуттарды бириктирип, бир канаты Шиберди (Сибирь), бир канаты Орто Азияны камтыган Кыргыз каганатын курушкан. Ошондон улам Манас атабыздын “курама жыйып, журт кылдым” деген сөзү калган  бизге. Көп улуттуу кыргыз элинин уюткусу кыргыздар болгонун унутпашыбыз керек. Ошондуктан, көп улуттуу кыргыз элинин ынтымагына, биримдигине биринчи кезекте элдин өзөгү болгон кыргыздар жооптуу.

Кыргызстан көз карандысыздыгын бекемдөө, акыйкат мамлекет түзүү жолуна ишенимдүү кадам таштады. Адамдарыбыздын чыдамкайлыгынан жана мээнетинен улам, мамлекет жүргүзгөн чаралардын натыйжасында соңку жылдары Кыргызстан кедейчиликтен чыгып, өнүгүү жолуна түштү, “эркин жарандар өлкөсүнө” айланып баратат. Биз азыр башка өлкөлөрдөн биринчи кезекте эркиндигибиз менен айырмаланабыз. Бул артыкчылыгыбыз жарандарыбыздын бакубатчылыгына алып келиши үчүн дагы көп иш жасоого тийишпиз.

Биз ынтымак менен биримдикте гана улуу максаттарыбызга жетебиз!

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                 А.Ш. Атамбаев”.

10-июнь, 2016-жыл
Басып чыгаруу