Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын Ишкерлер күнү менен куттуктоосу

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

“Урматтуу ишкерлер!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Кыргыз Республикасынын Ишкерлер күнү менен куттуктайм!

Кыргызстандын эгемендик жылдарында ишкерлер коомубузга жана мамлекетке жакшы милдет өтөдү. Ишкерлер өзгөрмөлүү финансылык рыноктун, катуу атаандашуунун шарттарында жана өлкөдөгү ички саясый окуяларга байланыштуу болгондуктан татаал мезгилди баштан кечирди. Мезгил сыноолоруна кайраттуулар гана туруштук бере алды! Бүгүн сиздер өлкөнүн экономикасынын кыймылдаткыч күчүнө айланып, жаңы жумушчу орундарды түзүп, бюджетти толуктап жатасыздар.

Кыргызстанга мыкты уюштуруучулар, чечкиндүү новаторлор, таза иштеген, социалдык жоопкерчиликтүү бизнес жасаган ишкерлер керек. Бүгүн мамлекет ишкердикке кеңири жол ачууга  умтулуп жатат.

Өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында ишкердикти өнүктүрүү үчүн шарттарды жакшыртуу, жеке менчикти коргоонун укуктук негиздерин бекемдөө жана мыйзамдуу экономиканы чыңдоо боюнча маанилүү милдеттер тагылган.

Мамлекет ишкерлерди колдоого, инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоого тийиш. Биргелешип биз Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө күчтүү дем бере алабыз.

Биз Бажы союзуна кошулууга даярдык көрүп жатабыз. Бизнесибиз, экономикабыз ушул тушта чоң сыноодон өтөөрү шексиз. Кыргызстандын ишкерлери өлкөбүз ийгиликтүү өнүгүп, алдыга өсүшү үчүн бардык күч-аракетин жумшайт деп ишенем!

Кыргызстан ишкерлери ырааттуу өнүгүп, улам жаңы бийиктикти багынтышына тилектешмин. Баштаган бизнес-долбоорлоруңар ишке ашсын. Ишиңерди ийгилик коштосун! Бардыгыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык каалайм! Кыргызстанбыз тынчтыкта, биримдикте гүлдөп өнүгө берсин!

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                                        Алмазбек Атамбаев”

2014-жыл 20-сентябрь