Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жаңы имаратына барды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 12-октябрда  Бишкектин тарыхый борборунда орун алган Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жаңы имаратына барды.

Мамлекет башчысы жаңы оңдолуп бүткөн имаратты көрдү жана Жогорку сотттун судьялары менен аппарат кызматкерлеринин алдында сүйлөдү.

Өз сөзүндө Президент сот бийлиги мамлекеттик бийликтин толук укуктуу бутактарынын бири экенин  белгиледи. Ошондуктан Жогорку сот мындан ары борбордун чок ортосундагы тарыхый имаратта Президент, Жогорку Кеңеш жана Өкмөт менен жакын жайгашканы зор мааниге ээ.

Мамлекет башчысы эң адилет жана чынчыл мамлекеттик жетекчилердин бири катары баарына үлгү болгон саясый ишмер  Исхак Раззаков иштеп жана өлкөнү башкарган бул алгачкы тарыхый имараттын өзү жакшы белги экенин айтты.

Президент өз сөзүндө Жогорку соттун судьялары соттук корпустун башка өкүлдөрү сыяктуу эле  Исхак Раззаковдун: «Эгер мен таза болсом, сен таза болсоң, коомубуз да таза болот!» деген осуятын ыйык сактоого тийиш экенин белгиледи.

Алмазбек Атамбаев өлкөдө жүргүзүлүп жаткан сот реформасынын натыйжасында сот бийлиги саясый-коомдук турмушубузда өзүнө таандык ордун алып, Кыргызстан эли ишенген толук кандуу күчтүү бийлик болуп калаарына ишенерин билдирди.

Президенттин сөзүнүн тексти:

Урматтуу мекендештер!

Урматтуу Айнаш Абдымановна!

Урматтуу соттор жана бүгүнкү иш-чаранын катышуучулары!

Бүгүн Жогорку Сот Өкмөт аянтында, Президент, Жогорку Кеңеш, Өкмөт жайгашкан имараттарга коңшу болгон тарыхый имаратка ээ болуп, көчүп келди.

Мындан ары мамлекеттик бийликтин бир бутагы болгон Жогорку Сот бийликтин калган жогорку органдарынын жанында тарыхый имаратка ээ болду. Бул окуя өзгөчө, символикалык мааниге ээ.

Кудай буйруса, журүп жаткан реформалардын натыйжасында Жогорку Сот өлкөнүн турмушунда, башкаруусунда өзүнүн тийштүү ордуна ээ болот. Бийликтин үч бутагынын толук кандуу, күчтүү бир бутагы болот.

Конуш жайлуу болсун!

Куттуктайм баарыбызды!

Уважаемые соотечественники!

Уважаемая Айнаш Абдымановна!

Уважаемые судьи и приглашенные!

Два года назад нами было принято решение передать это историческое здание Верховному Суду Кыргызской Республики.

Данное здание было построено в 1936 году как Дом правительства. В этом зале, где мы с вами находимся, 5 ноября 1936 года начинал работу V Чрезвычайный съезд Советов Киргизской ССР, обсуждался проект Конституции СССР. В марте 1937 года здесь была принята Конституция Киргизской ССР.

С 1966 года в этом здании работали Президиум Верховного Совета Киргизской ССР, Министерство иностранных дел, Комитет народного контроля, Министерство культуры Киргизской ССР, Союз писателей страны во главе с великим Чингизом Айтматовым.

Теперь это здание по историческому праву, статусу и справедливости обрело своего достойного владельца в лице Верховного суда Кыргызской Республики.

Судебная власть – одна из полноправных ветвей государственной власти. И то, что Верховный суд теперь будет располагаться в этом историческом здании, в самом сердце столицы, рядом с Президентом, Жогорку Кенешем и Правительством, имеет огромное значение.

Таким образом, Верховный суд отныне будет расположен в здании, которое соответствует статусу и месту судебной ветви власти в конституционном устройстве Кыргызской Республики. Так делается во всем цивилизованном мире, так должно быть и в Кыргызстане.

Символично, что это первое здание в историческом центре столицы, в котором работал и руководил страной политический деятель, ставший примером для всех как один из честных и справедливых государственных руководителей, Исхак Раззаков.

Я верю, что судьи Верховного суда, равно как и другие представители судейского корпуса, будут свято чтить завет Исхака Раззакова: «Если я буду чистым, ты будешь чистым, то и общество будем чистым!».

Уверен, что в результате проводимой в стране судебной реформы судебная власть займет и свое положенное место в политической общественной жизни страны, станет полноправной сильной ветвью власти, которой доверяет народ Кыргызстана.

Уважаемые судьи и приглашенные!

В последние годы в судебной системе страны, пусть трудно, но шаг за шагом постепенно решаются проблемные вопросы.

Здесь можно выделить три приоритета, которые являются основой судебного реформирования: отбор судей; развитие судебной системы Кыргызстана; разработка обновленного законодательства при отправлении правосудия.

С июня 2012 года и по настоящее время прошли отбор, избраны или назначены более 400 из 447 судей КР. Из всех вновь назначенных за последние 4 года судей лишь один за это время нарушил Закон.

В рамках Государственной целевой программы «Развитие судебной системы Кыргызской Республики на 2014-2017 годы» решаются вопросы укрепления материальной базы судов. Бюджет судебной системы за последние годы вырос более чем в два с половиной раза, включая повышение уровня заработной платы судей и сотрудников аппаратов судов.

С участием экспертного и гражданского сообщества разработаны и внесены на рассмотрение парламента новые проекты уголовного и уголовно-процессуального, административно-процессуального, гражданско-процессуального и иного законодательства, регламентирующего вопросы отправления правосудия.

Все эти меры направлены на то, чтобы нынешняя судебная система стала как можно скорее полнокровной, сильной ветвью власти.

 Уважаемые судьи и приглашенные!

Как вы сами увидели, в данном здании имеются удобные, оборудованные всем необходимым кабинеты судей и их консультантов, залы для заседаний. Современные компьютерные технологии будут сопровождать весь процесс судопроизводства.

Главная ваша задача состоит в том, чтобы народ Кыргызстана реально почувствовал улучшение работы судов. Стал доверять судам.

Урматтуу судьялар жана чакырылгандар!

Кыргызстан укуктук мамлекет катары өнүккөн сайын сот бийлигинин ролу жана мааниси да ошончолук өсөт. Биздин максат – адилет, ачык, калыс жана жоопкерчиликтүү сот бийлигин түзүү.

Эң негизгиси, элибиз соттордун иши жакшыра баштаганын айкын сезип, ага ишенгендей болушу керек. Сот системасындагы реформалар жөнөкөй кыргызстандыктардын турмушуна оң таасирин тийгизиши керек.

Карапайым калк соттор мыйзам сыйлаган жарандарды коргой турганын, мыйзам алдында бардыгы тең экенин жана бир дагы кылмыш жазасыз калбасын иш жүзүндө көрүүгө тийиш.

Урматтуу Жогорку Соттун мүчөлөрү!

Ушул имаратта иштеп жатканда эсиңиздерден, жүрөгүңүздөрдөн дайыма улуу Исхак Раззаковдун сөзү кетпей турсун: “Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом таза болот”.

Жаңы конуш жайлуу, ак жолтой болсун!

Жакындарыңарга бекем ден соолук, узун өмүр, бак таалай жана ишиңиздерге ийгилик каалайм!

Жараткан элибизге ынтымак, жерибизге берекет берсин!

Ал эми азыр болсо, салт боюнча Айнаш Абдымановнага белегимди тапшырып коюуга уруксат этиңиздер.


12-октябрь, 2016-жыл
Басып чыгаруу