Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Монголиянын Президенти Цахиагийн Элбэгдорж менен жолугушту

Бүгүн, 2015-жылдын 27-январында, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөгө иш сапары менен келген Монголиянын Президенти Цахиагийн Элбэгдорж менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө түрдүү тармактарда эки тараптуу кыргыз-монголдук кызматташуунун  маселелери талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев менен Президент Цахиагийн Элбэгдорж өлкөлөр ортосундагы саясый диалогду мындан ары активдештирүү, ошондой эле соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү зарыл экендигин белгилешти.  

2015-жыл 27-январь