Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Социалдык фонддун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиевди кабыл алды

Бүгүн, 2015-жылдын 4-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Социалдык фондунун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына ведомствонун чыгымдарынын өсүшүн стабилдештирүүнү, пенсиялык системанын кыйла натыйжалуу ишин камсыз кылууну караган Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүү Концепциясынын алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында маалымат берилди.

Президент Алмазбек Атамбаев ошондой эле Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиев менен өлкөнүн алдыдага интеграциялык процесстерге катышуу мезгилинде болжолдонгон инфляциянын тушунда пенсионерлерди социалдык жактан коргоо жана пенсиялардын көлөмүн индексациялоо боюнча болжолдонуп жаткан чараларды талкуулады.

2015-жыл 4-февраль