Президент Алмазбек Атамбаевдин Эсептөө палатасынын түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгына байланыштуу куттуктоосу

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси Фарид Ниязов бүгүн, 19-октябрда «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында өткөн КР Эсептөө палатасынын түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгына байланыштуу салтанаттуу жыйынга катышып, Мамлекет башчысынын куттуктоосун окуду.

Куттуктоонун тексти:

Урматтуу Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлери!

Сиздерди бүгүнкү салтанаттуу күн – Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгы менен куттуктайм!

Сырткы финансылык көзөмөлдүн конституциялык органы катары 1996-жылы Эсептөө палатасынын түзүлүшү демократиялык өлкөнүн эң негизги принциптеринин бири болгон - бийликтин коом алдында милдеттүү отчеттуулугунун, эл менен тикелей мамиле куруунун далилдүү көрүнүшү болуп калды.

Өткөн жылдары Эсептөө палатасы эгемен өлкөбүздүн мамлекеттик көзөмөлүнүн таасирдүү жана натыйжалуу институтуна айланды – ал көз карандысыз  көзөмөл жүргүзүүнүн кубаттуу институту, жалпы улуттук милдеттерди чечүүдөгү маанилүү звенолордун бири болуп калды.

Бюджеттер аралык карым-катнаштардын туруктуулугу, мамлекеттик чыгымдардын ачык-айкындыгы жана  натыйжалуулугу, коррупцияны алдын алуу иштери Эсептөө палатасынын кызматкерлеринин сабаттуу жана ыкчам иштерине жараша болот. Өлкөнүн саясый-экономикалык енүгүшү үчүн да, жарандык коомдун өнүгүүсү үчүн да Сиздердин ишиңиздердин натыйжасынын мааниси чоң. Сиздер өлкөдө акыркы мезгилде коррупцияга каршы жигердүү жүргүзүлүп жаткан күрөштүн алдыңкы катарында турасыздар.

Эсептөө палатасынын калыптануу жылдары уюштуруучулук, көзөмөл-текшерүүчүлүк, аналитикалык жана методологиялык зор иштер жасалды. Анын натыйжасында сиздер финансылык кыянатчылыктарга каршы күрөш жүргүзгөн көзөмөл орган катары, аткаруу бийлигинин мамлекеттик финансы жана материалдык ресурстарды тескөө жаатындагы иши жөнүндө ишенимдүү маалымат  булагы  катары кадыр-баркка жана урмат-сыйга ээ болдуңуздар.

20 жыл ичинде Эсептөө палатасы чакан көзөмөл-текшерүүчү түзүмдөн демократиялык укуктук мамлекеттин эң маанилүү институтуна, көз карандысыз көзөмөлдүн  күчтүү жана натыйжалуу түзүмүнө айланды. Палатанын ишинин жыйынтыгы – бул Сиздердин кесипкөй жамааттын күнүмдүк эмгегинин жемиши болуп саналат. Жыйырма жылдык иш – бул мамлекет казынасына кайтарылган миллиардаган сомдор жана мыйзамсыз же натыйжасыз коромжу болгон ири өлчөмдөгү каражаттардын ачыкка чыгарылышы.

Сиздердин эмгек жамаатынын иш билгилигинин жана кесипкөйлүгүнүн, текшерүү иштерин терең иликтөөнүн, ишти такай өркүндөтүүнүн, жаңы ыкмалар менен формаларды тынбай изденүүнүн натыйжасында Эсептөө палатасы мамлекеттик бийлик системасынан татыктуу ордун тапты.

Жакында эле өлкөбүз эгемендигинин 25 жылдыгын татыктуу белгиледи. Өлкөбүздүн өргө карай өнүгүү жолунда Эсептөө палатасынын да салымы бар. Сиздер мындан ары да Кыргызстанды өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашырууга көмөк көрсөтүп, коомчулуктун бакубаттыгы үчүн ак ниет эмгектенип, мыйзамды туу тутуу, көз карандысыздык жана чынчылдык – күнүмдүк ишиңиздердин негизги эрежелери болуп кала берет деп ишенем.

 Кыргыз Республикасынын                 

   Президенти                                                      А.Ш. Атамбаев”.

19-октябрь, 2016-жыл
Басып чыгаруу