Президент Алмазбек Атамбаевдин Саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүү күнүнө карата кайрылуусу

Мамлекет башчысынын Кайрылуусунун тексти:

“Урматтуу мекендештерим!

Ардактуу кыргызстандыктар!

Жыл сайын 8-ноябрда Кыргызстанда саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүү күнү белгиленет. Бул күнү биз өлкө тарыхындагы кайгылуу учурду – он миңдеген жазыксыз адамдар репрессияларга кабылган, ак жерден кылмышкер аталып, колонияларга, лагерлерге жана сүргүнгө айдалып, абактарга камалган, өмүрлөрү кыйылган мезгилди эскеребиз. Репрессияга туш болгондор көргөн азап-тозокту алардын туугандары жана жакындары кошо тартышкан. Нечен күнөөсүз адамдарга “эл душманы”  жана “эл душманынын куйруктары” деген жарлык тагылды. Миллиондогон адамдар террордун жана жалган жалаанын курмандыктары болушту.

Кыргызстан эли эгемендүү мамлекет болгонго чейин татаал жолду басып өттү. 1916-жылдагы каргашалуу окуялар болду. Тилекке каршы, 1917-жылы совет бийлиги орногон соң кайра жаралуу жолуна түшкөн кыргыз элинин азап-тозогу 20-жылдары кайра уланды.  Мажбурлап колхоздоштуруу учурунда кылымдар бою элибиздин элитасы катары калыптанып келген манаптар сословиеси жок кылынды. Көптөгөн орто дыйкандар, соодагерлер, өз алдынча ишкерлик кылышкан тиричиликке тың адамдар, ондогон баш малы бар элеттиктер кулакка тартылышып, бөтөн жер, чоочун элге сүргүнгө айдалышты жана соттолушту.

Архив маалыматтарына ылайык, 30-жылдары Кыргызстанда он миңдеген адамдар репрессияланышкан. Биз мамлекеттин өз элине жасаган кыянаттыгы так далилденген бир гана жерди билебиз. Ал – эл башына түшкөн жалпы кайгынын символу  болуп калган  Чүй облусунун Чоң-Таш айылындагы “Ата-Бейит” мемориалдык комплекси. Анда совет бийлиги  тарабынан “эл душмандары”  аталып, жазыксыз атылышкан 19 улуттун өкүлдөрү болгон 137 кыргызстандыктардын сөөктөрү коюлган. Алардын арасында – кыргыз совет мамлекетинин негиздөөчүлөрү, алгачкы наркомдор, кыргыз интеллигенциясынын гүлдөрү:  Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов, Асанбай Джамансариев, ысык-көлдүк койчу Чөкүш Сулайманов, александровкалык колхозчу Харти Хунлава, кара-балталык бухгалтер Борис Белошицкий, ленинполдук мугалим Борис Берман бар.

Биз алардын жаркын элесине ар дайым таазим кылабыз жана өлкөбүздүн келечеги үчүн аталарыбыздын алдындагы тарыхый жоопкерчилигибизди сезебиз! Саясий репрессиялар курмандыктарынын элесине таазим этүү менен алар көтөрүп чыккан адилеттик жана эркиндик идеялары бүгүн да мамлекетибиздин саясатынын эң башкы вектору бойдон калганын ишенимдүү айта алабыз.

Трагедиялар, оор сыноолор элибизди сындыра алган жок. Алар элдин жүрөгүндө эркиндикке болгон умтулуусун ого бетер күчөтүп, өзүм билемдикке жана авторитаризмге каршы жек көрүүнү ойготту. Апрель элдик революциясынан кийин Кыргызстан үчүн кайра жаралууга карай жол ачылды, элдин бакубат жашоого болгон үмүтү кайра жанды. Андан бери өткөн 6 жылдан соң Кыргызстан мамлекет катары бутуна бек тура баштады, эми биздин милдетибиз - тандаган жолубуздан тайбай Кыргызстанды өнүккөн, демократиялык мамлекетке айландыруу.  Бирок бул максатка жетүү үчүн али көп иштерди жасоо керек.

Биз, кыргызстандыктардын бүгүнкү мууну, тарыхыбыздагы ак тактарды калыс, адилет изилдеп, тактоого милдеттүүбүз.  Бул бизге өткөндөн сабак алып, мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдөө үчүн, азыркы кездин чакырыктарына жана коркунучтарына каршы турууга даяр болуп, келечекке ишенимдүү кадам шилтөө үчүн керек.

Кыргыз Республикасынын     Президенти                                                                 А.Атамбаев”.

8-ноябрь, 2016-жыл
Басып чыгаруу