Президент Алмазбек Атамбаев: Кыргызстандын мамлекет катары калыптанышына Турдакун Усубалиевдин кошкон салымы жыл өткөн сайын даана көрүнүүдө

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Фарид Ниязов бүгүн, 11- ноябрда Кыргыз Республикасынын Баатыры, көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин Бишкектеги Кыргызстандын ишмерлер Аллеясына орнотулган бюстун ачуу аземине катышты.

Иш-чарага ошондой эле премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин депутаттары, ошондой эле Турдакун Усубалиевдин туугандары жана жакындары катышты.

Мамлекет башчысынын Кайрылуусунун текстин келтиребиз:

«Урматтуу мекендештер!

Өткөн жылы Кыргызстандын мамлекеттик ишмери, ардактуу аксакалыбыз Турдакун Усубалиевич Усубалиевди 96 жашында жерге берген элек.

Турдакун агабыздын өмүр жолу ар бир адамды таң калтырып суктандырат. 70 жыл бою мамлекеттик жана партиялык кызматтарда талыбай эмгектенүүнүн өзү эле канча эрдик!

1945-жылдан 1955-жылга чейин Советтик державанын борбору Москвада, КПСС Борбордук комитетинде иштеди. Андан соң Кыргызстандын тун гезити “Советтик Кыргызстанды” жетектеп, кийинФрунзе шаарынын партиялык уюмун башкарды. Ушул мектептерде такшалган соң республиканын биринчи жетекчилигине көтөрүлдү.

Кыргызстандын мамлекет катары калыптанышында Турдакун Усубалиевич Усубалиевдин эмгеги зор болгону жыл өткөн сайын даана көрүнүп баратат. Ал башкарган жылдары өлкөбүздүн ички дүң продукциясынын көлөмү 2,5 эсеге көбөйгөн. Агрардык республикабызда завод-фабрикалар, тоо-кен өнөр жайы, энергетикалык объектилер пайда болгон. “Манас” аэропорту, Өкмөт үйү, Улуттук филармония, Спорт сарайы Турдакун Усубалиевичтин жеке аракети менен бүткөрүлгөн  курулуштардын эң ирилери болуп саналат.

Турдакун агабыздын адамгерчилиги, көрөгөчтүгүазыр да бизге өрнөк. Кыргызстандын кызыкчылыктары дегенде союздук жетекчилердин тынчын алып, керек болсо жакалашууга чейин барган. Бир эле мисал: коңшу республиканын пахтасын сугаруу үчүнСоң-Көлдү жана Чаткал дарыясын буруу жөнүндө КПСС БКнын Саясый бюросунун чечиминжокко чыгарам деп барбаган жери, кирбеген киши калбай, акыры аны токтотууга жетишкен.

Айрыкча Фрунзени чоң кыштак кейпинен накта борбор шаардын даражасына чейин көтөрүүдө Турдакун Усубалиевичтин эмгегине баа жетпейт. Атактуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов Турдакун агабызды Фрунзе шаарынын чыныгы башкы архитектору деп бекеринен атаган эместир. Советтик республикалардын борборлорун ичинен Фрунзе эң жашыл, меймандос жана билимдүү башкалаа деген аты менен айырмаланган.  

Бир сөз менен айтканда: ардагер аксакалыбыз өмүр бою Кыргызстан деген үйдү курган. Анын эмгеги төрт Ленин, Октябрь Революциясы, эки Эмгек кызыл туу, Элдердин достугу, 1-даражадагы “Манас” ордендери, акыры “Ак-Шумкар” өзгөчө белгиси тапшырылып, Кыргыз Республикасынын Баатыры даражасы менен белгиленген.

Калыгул олуянын чөбөрөсү болгон Турдакун аганын токпейилдиги, токтоолугу, сылык-сыпаа жүрүм-туруму кыргыздын ак сөөк адамыэкенинен кабарлайт.

Жанда жок эстутуму, иштермандыгы менен айырмаланган агабыз республиканын булуң-бурчунда кыбыр эткен кыймылды, жерибиздин коён жатагына чейин жатка билгени азыркыга чейин аңыз кеп болуп айтылат.

Турдакун Усубалиевич кол алдындагыларга өтө талапчыл мамиле кылып, бирок эч качан ачууга алдырып, бирөөнү кемсинткен эмес, абдан сабырдуу ишмер болгон. Ал эми Кыргызстандын элитасы Турдакун агабыздан узак бийликтен да бузулуп кетпей, азгырыктарга алдырбай, жан-дили менен адал иштеп, абийирин таза сактап калуунун үлгүсүн үйрөнүүгө тийиш.

 

Кыргыз Республикасынын

 Президенти                                        Алмазбек Атамбаев».

11-ноябрь, 2016-жыл
Басып чыгаруу