Президент Алмазбек Атамбаевдин Коррупцияга каршы күрөштүн эл аралык күнүнө байланыштуу кайрылуусу

Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти:

«Урматтуу мекендештер!

Бүгүнкү күндө Кыргызстан коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүн белгилеп жатат. Мамлекеттик башкаруу системасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча соңку жылдары мамлекет тарабынан мурда болуп көрбөгөндөй кадамдар жасалды.

Коррупцияга каршы күрөшүүнүн туруктуу процессин ишке киргизүү жолу менен биз коррупциялык жагдайды негиздүү түрдө  өзгөртүүгө жетише алдык. Биз 2012 жана 2013-жылдары иретти менен бир катар өзөктүү чечимдерди кабыл алдык, алар коррупцияга каршы күрөшүүнүн бекем пайдубалы жана натыйжалуу механизми болуп калды.

Биз коррупциянын келип чыгуу себептерине көңүл топтогон учурда, бул процесстер бекем саясий эрк жана системалуу мамиле менен камсыз болду. Коррупциянын келип чыгуусунун бир топ негизги себептери аныкталды жана аларды жоюу боюнча чаралар сунушталды, алар азыркы учурда өздөрүнүн оң натыйжаларын көрсөтүүдө.

Биз иш жүзүндө “кол тийбес адамдардын” жок экендигин жана болбой тургандыгын далилдедик. Бул чаралардын бардыгы кыргызстандыктарда адилеттиктин ишенимин жана ушул кылмыштуу көрүнүштү жоюу боюнча мамлекеттин мүмкүнчүлүгүнүн бар экендигине ишеним жаратты.

Дагы бир белгилей кете турган нерсе: биз туура жолдо бара жатабыз жана коррупциялык-кландык башкарууга мамлекеттин кайрадан кайтып келүүсү эч качан болбойт. Саясий коррупцияны кыскартуу боюнча жаңы мүмкүндүктөрдү ишке киргизүү алдыда боло турган конституциялык реформанын негизги маанилеринин бири болуп саналат.

Карапайым адамдардын жана мамлекеттик бюджеттин эсебинен мыйзамсыз байыгысы келгендердин каршылыгына карабастан, биз коррупциялашкан чиновниктердин уюгун талкалап, өлкөнү өнүктүрүү үчүн адилет жана жаш башкаруучуларга жол ачып жатабыз.

Коррупцияга карата “толеранттуулукту колдонбоо” саясатын киргизүү коомдук аң-сезимдин оң өзгөрүүсүнө алып келет. Коррупцияга каршы аракеттенүү процессине биздин коомчулуктун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын толук кандуу кошулуусу жана алардын мамлекеттик органдарды коррупциялык иштерден арылуусуна мажбур кылуусу бизди кубандырбай койбойт. Биргелешип аракеттенүү менен гана коррупцияны жеңүүгө боло турганын мен дагы бир жолу белгилеп кетким келет.

Биз азыр жогорку технологиялар доорунда жашап жатабыз! Бир ведомствого берүү үчүн башка ведомстводон маалымдама кагаз алуу зарылчылыгынан баш тартуубуз керек. Жарандарды ашыкча түйшүккө салбастан, мамлекеттик органдар бул ишти өздөрү уюштуруусу керек. Бардык процесстерди автоматташтыруунун толук кандуу иштей турган системасын киргизүү үчүн тиешелүү кадамдар жасала турганына терең ишенем.

Мамлекеттик кызматчылардын киреше булактарын текшерүүнүн конкреттүү механизмдерин түзүү маанилүү. Эгер чиновник өз кирешелеринин жана мүлктөрүнүн мыйзамдуулугун далилдей албаса, анда аларды социалдык маселелерди чечүү үчүн мамлекеттик пайдасына өткөрүү керек.

Бир гана бул чараларга токтолууга болбойт, мамлекеттик институттарга биздин жарандардын ишенимин кайрадан кайтарып берүү үчүн антикоррупциялык механизмдерди түзүү жана колдонууга киргизүү процесси үзгүлтүксүз болууга тийиш.

Мамлекеттик органдардын мүмкүн болушунча ачык-айкын болушун жана өлкөбүздүн калкынын алдында отчеттуулугун камсыз кылуу үчүн биз бардык күч-аракеттерибизди жумшайбыз. Бул багыттагы иш жөн гана улантылбастан, мындан ары да күчөтүлөт.

Кыргыз Республикасынын

Президенти                            Алмазбек Атамбаев».

9-декабрь, 2016-жыл
Басып чыгаруу