Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 2-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты чек ара мейкиндиги жана мамлекеттик чек ара маселелеринде Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын коргоо системасын укуктук  жактан жөнгө салуу, мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик башкарууну өркүндөтүү, чек ара чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын жана функцияларын так жана ырааттуу ажыратуу,  мамлекеттик чек ара жөнүндө колдонуудагы  мыйзамда  карама каршы укук пайдалануу практикасын жараткан бири бирине  карама каршы келген укук ченемдерди жоюу.

Мыйзамда кабыл алынган жол-жоболор:

- мамлекеттик чек арадагы, чек арага канатташ аймактардагы жана мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттардагы  режимдерди аныктоочу негизги жана жалпы ченемдер өркүндөтүлдү;

- кеңейтилген түшүнүк аппараты киргизилди;

- мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары так чектелди, деталдаштырылды жана толукталды;

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2015-жыл 20-май