Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Конституциясынын расмий текстин жарыялоо жөнүндө Жарлыкка кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 27-январда, салтанаттуу азем учурунда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын расмий текстин жарыялоо жөнүндө  Жарлыкка кол койду.

Салтанаттуу аземге Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков, өлкө Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, КР Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаева, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагасы Эркинбек Мамыров, Конституцияга өзгөртүүлөрдүн демилгечилери болушкан Жогорку Кеңештин фракцияларынын лидерлери, Жогорку Кенештин вице-спикерлери, комитеттердин төрагалары, Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын начальниги Раимберди Дуйшенбиев, КР Башкы прокурору  Индира Жолдубаева, КР Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов, КР вице-премьер-министрлери, Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү катышты.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Конституциясынын расмий текстин жарыялоо жөнүндө Жарлыкка кол коёрдун алдында сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысынын сөзүнүн тексти:

Урматтуу мекендештер!

Урматтуу бүгүнкү салтанаттуу иш чаранын катышуучулары!

Өзүңүздөр билгендей, 11-декабрдагы референдумда элибиз Баш мыйзамга бир топ өзгөрүүлөрдү киргизүүнү колдоп берди.

Бул өзгөрүүлөр Баш мыйзамды өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнө, элибиздин ынтымагына доо кетирген, улуттук маданиятыбызга, адеп-ахлагыбызга төп келишпеген бир топ «миналардан» тазалап берди.

Мындан тышкары, референдумдун чечимине ылайык атайын жумушчу топ түзүлүп, Баш мыйзамдын кыргыз жана орус текстиндеги 60тан ашуун каталар, карама-каршылыктар, бурмалоолор оӊдолду.

Бүгүн биз сиздерди Баш мыйзамдын жаңыланган, тазаланган нускасынын бет ачарына чакырдык. Мына ал алдыӊыздарда турат.

Азыр мен нусканы жарыкка чыгаруу боюнча Жарлыкка кол коём жана нусканын төрт көчүрмөсүн Жогорку Кеӊеш, Өкмөт, Жогорку Сот жана Конституциялык палатанын өкүлдөрүнө тапшырып берем!Баш мыйзамдын түп нускасы Президенттик аппаратта сакталат.

Жарлыкка ылайык, Баш мыйзам эртеӊ «Эркин Тоо» гезитинин атайын санына басылат жана андан кийин, албетте, китепче болуп жарык көрөт.

Уважаемые сограждане!

Уважаемые участники сегодняшнего торжественного мероприятия!

Сегодня мы пригласили вас на презентацию готового к обнародованию текста Конституции страны.

Как вы знаете, по итогам декабрьского референдума в Конституцию внесены около 40 поправок. Кроме того, в соответствии с решением референдума были также устранены многочисленные неточности, искажения и противоречия в текстах Конституции на государственном и официальном языках. Всего их оказалось более шестидесяти.

И вот, наконец, рабочая группа закончила свой скрупулезный труд. Перед вами – оригинальный текст Конституции на государственном и официальном языках, с изменениями, принятыми на декабрьском референдуме, и очищенный от неточностей, искажений и противоречий в текстах.

Сейчас я подпишу соответствующий Указ и отдам 4 копии оригинала текста представителям Жогорку Кенеша, Правительства, Верховного Суда и Конституционной палаты. Оригинал Конституции будет храниться в аппарате Президента.

После подписания Указа текст Конституции будет обнародован в завтрашнем специальном номере газеты «Эркин Тоо», а также, конечно же, издан отдельной брошюрой.

Уважаемые сограждане!

Мы верим, что поправки в Конституцию помогут закрепить все то позитивное, что сделано за последние шесть лет.

На референдуме 11 декабря мы сделали большой шаг к государственной независимости и укреплению суверенитета. Большой шаг к тому, чтобы закрыть лазейки к установлению абсолютной единоличной власти. Чтобы граждане имели защиту от произвола правоохранительных или судебных органов. Чтобы у народа всегда была возможность сменить любую власть цивилизованным путем на выборах.

Мы все хотим построить независимый и сильный Кыргызстан. Это сокровенная мечта многих поколений наших отцов и дедов. Поэтому я благодарен всем кыргызстанцам, принявшим участие в голосовании на референдуме 11 декабря прошлого года!  Независимо от того, как проголосовали, вы выразили свою гражданскую позицию по предложенным поправкам. Проявили неравнодушие к будущему страны.

Хочу выразить слова искренней признательности инициаторам законопроекта о поправках в Конституцию –  депутатам Жогорку Кенеша, независимым экспертам и активистам. Вы проявили твердость и последовательность, показали, что интересы страны для вас превыше всего  и, народ вас поддержал.

Благодаря поправкам в Конституцию, мы выходим из унизительной ситуации, когда внешние силы, включая международные организации, могли навязывать Кыргызстану неприемлемые нормы. Диктовать, кому смягчить наказание или выпустить из тюрьмы. Кыргызстан уважает международных партнеров, будет исполнять принятые на себя обязательства, но при безусловном соблюдении принципов государственного суверенитета и независимости.

Поправки в Конституцию создают реальную основу для укрепления взаимодействия парламента и правительства. От ставшего привычным непреодолимого антагонизма между законодательной и исполнительной ветвями власти мы имеем возможность перейти к эффективной совместной работе. Повышается ответственность должностных лиц обеих ветвей власти. Правительство становится более самостоятельным, но все же реально подотчетным Жогорку Кенешу.

При сохранении принципов независимости судебной ветви власти, поправки в Конституцию делают судей более ответственными. Для проведения судебной реформы и реформы правоохранительных органов это будет хорошей поддержкой. Поправки в Конституцию заставят органы прокуратуры заняться своим главным направлением деятельности – надзором за законностью и представительством интересов государства в суде.

Свои четкие направления деятельности будут отныне и у органов внутренних дел, ГКНБ и финансовой полиции.

Все это поможет освободить от груза многочисленных проверяющих наших предпринимателей, создаст условия для ускоренного развития экономики!

Уважаемые соотечественники!

В Конституцию внесены очень важные поправки. Но связанные с ними надежды народа станут реальными только в том случае, если Жогорку  Кенеш и Правительство приведут в соответствие с Конституцией действующие законы. Если более активно пойдут позитивные процессы в судах и органах прокуратуры. Работы здесь очень много.

Поэтому я обращаюсь к депутатам парламента и членам Правительства, ко всем руководителям государственных органов с предложением занять активную позицию в реализации перечисленных мною задач.

Урматтуу мекендештер!

Биз бүгүн тарыхый окуяга күбө болуп турабыз. Бүгүн өлкөбүздүн эгемендүүлүгүн бекемдөө жолунда дагы бир чоӊ кадам жасалып жатат.

Кыргыз эли – эң байыркы элдердин бири. Улуу Кыргыз каганаты түзүлгөнкезде азыркы далай элдердин, улуттардын жыты да жок болчу.

Биздин тарыхыбыздын эскилигин кытай, грек, еврей элдеринин эскилиги менен салыштырсак болот.

Ошондуктан, намыстуулук, ынтымак, биримдик боюнча да биз ушул элдерден калышпашыбыз керек. Кытайдай чоӊ боло албасак да, еврейлердей биримдиктүү, тыӊ, бай, күчтүү болушубуз керек!

Биз эл аралык уюмдарды, башка мамлекеттерди сыйлайбыз. Бирок бизди тыштан башкарабыз же баш ийдиребиз деген ойлорду алар унутушу керек.

Биз эч качан, эч кимдин алдында тизелебейбиз! Тизелеп жашаганча кыргыздарга тик туруп өлгөн артык!

Кыргыз элин тыштан алган каражат үчүн саткан маӊкурттарга да айтар элем – балдарыӊардын убалына каласыӊар, аларды уят кылбагыла эл алдында.

Ар кайсы шылтоо менен элдин биримдигине бүлүк салам деген сасык саясатчыларга да ушул сөздөрдү кайталагым келет. Силердин жоруктарыӊардан уялып урпактарыӊар башын көтөрбөй калат. Тарыхта Абыке, Көбөштөй, Көзкамандай жаманатка каласыӊар.

Элдин биримдигине, келечегине балта чабам дегендер – өз келечегине балта чабат.

Кыргыз элин бирөөлөргө кор кылам дегендер, өздөрү кор болот!

Кыргыз элине көр казам дегендер, өздөрүнө көр казат!

Урматтуу мекендештер!

Кыргызстан демократия жолунда дагы бир орчундуу кадам жасады. Мен муну мамлекеттүүлүк менен эгемендикти, демократия менен эркиндикти бекемдөө жолундагы ишенимдүү жеңиш деп баалайм! Бул тарыхый иште ар бир кыргызстандыктын салымы бар. Ошондуктан, баарыӊарга чын дилимденрахматайтам!

Алла-таала баарыӊарга узун өмүр, чыӊ ден соолук, бак-таалай берсин!

Жараткан элибизге биримдик, жерибизге берекет берсин!

Жашасын эгемендүү Кыргызстан!

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын расмий текстин жарыялоо жөнүндө Жарлыкка кол койгон соң Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбековго, өлкө Премьер-министри Сооронбай Жээнбековго, КР Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаевага жана Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагасы Эркинбек Мамыровго Конституциянын текстинин түп нускасынын көчүрмөлөрүн тапшырды.

27-январь, 2017-жыл
Басып чыгаруу