Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 3-ноябрда Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга визит менен келген Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен жолукту.

Жолугушууда  Кыргызстан менен Россия ортосундагы ар кандай чөйрөлөрдөгү кызматташтыктын маанилүү маселелери жана кеӊири багыттар боюнча мындан аркы өз ара аракеттенүүлөрдүн перспективалары талкууланды. 

Президент Алмазбек Атамбаев Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведевди жылуу куттуктап, россиялык делегациянын Кыргызстанга келишине кубанганын белгиледи. «Бизди абдан жылуу, достук алака-катыштар байланыштырып турат, ошондуктан Сиз менен жолукканыма  кубанычтамын», - деди Алмазбек Атамбаев. 

Өз кезегинде Дмитрий Медведев да жылуу кабыл алгандыгы үчүн Президент Алмазбек Атамбаевге ыраазылыгын айтты. «Сиз менен жолукканыма кубанычтамын, алдыда ШКУнун алкагында Өкмөт башчыларынын жолу менен иш чаралар болгону турат», - деди Дмитрий Медведев.

Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев Президент Алмазбек Атамбаевге Россия Президенти Владимир Путиндин саламын жолдоду. 

2016-жыл 3-ноябрь