Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президенти менен Япониянын Премьер-министри эки өлкө ортосундагы дипломаттык мамилелердин орношунун 25 жылдык юбилейине байланыштуу бири-бирине куттуктоо телеграммасын жиберишти

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен  Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэ эки өлкө ортосундагы дипломаттык мамилелердин орношунун 25 жылдык юбилейине байланыштуу бири-бирине куттуктоо телеграммасын жиберишти.

Президент Алмазбек Атамбаевдин катында өткөн 25 жылда биргелешкен күч-аракет менен саясый, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара пайдалуу кызматташтык жөнгө салынганы жана өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуу механизмдери түзүлгөнү айталган.

«Бишкекте Япониянын эл аралык кызматташтык агенттиги ийгиликтүү иш жүргүзүп жатат, ал агенттик кыргыз-япон мамилелерин тереӊдетүүгө көрүнүктүү салым кошууда.

Биз андан тышкары БУУ, башка эл аралык уюмдар менен финансы институттарынын, ошондой эле  «Борбор Азия+Япония» диалогунун алкагында да жигердүү кызматташып келатабыз”, - деп белгиленген катта.

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасында демократияны жана парламентаризмди бекемдөөгө багытталган реформаларды жана биздин өлкө үчүн социалдык-экономикалык мааниси бар долбоорлорду ишке ашырууну  колдогону үчүн кыргыз тарап жапон тарапка чын дилинен ыраазы экенин белгиледи.

«Кыргыз-япон мамилелери мындан ары да салтуу достук, элдерибиздин жакшылыгы үчүн өз ара түшүнүшүү жана өз ара пайдалуу кызматташтык нугунда өнүгө берет деп ишенем», - деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Президент Алмазбек Атамбаев Премьер-министр Синдзо Абэге чыӊ ден соолук, бакубаттык, бакты-таалай жана көп кырдуу ишине ийгиликтерди, ал эми жапон элине тынчтык менен гүлдөп өсүүнү каалады.

Япония Премьер-министри Синдзо Абэ эки өлкө ортосундагы дипломаттык мамилелердин орношунун 25 жылдык юбилейине байланыштуу куттуктоо телеграммасында Кыргызстан эгемендик алгандан бери эки өлкө ортосунда жылуу ыклас катнаштар жаралганын белгиледи.

«Мен Япониянын Премьер-министри катары Кыргыз Республикасына 2015-жылы  октябрда визит менен барган кезде ортобузда жемиштүү жолугушуу болгон жана биз кызматташтыктын ар кандай түрлөрүн өнүктүрүү боюнча бир пикирге келгенбиз. Ал визит Япония менен Кыргызстан ортосундагы мамилелерге чоӊ түрткү берип, кийин кеӊири чөйрөлөрдө жигердүү өнүгүп жатканына кубанычтамын», - деп белгиленет телеграммада.

Премьер-министр Синдзо Абэнин катында демократиялык принциптер сыяктуу фундаменталдык баалуулуктары окшош Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүшүнө Япония чоң маани берерине көӊүл бурган.

«Биз 2015-жылы октябрдагы парламенттик шайлоолор маалында идентификациялык жабдууларды берип жана  байкоочуларды жиберүү менен Кыргыз Республикасында демократияны жылдырууга салым кошконубузга сыймыктанам. Биз быйылкы президенттик шайлоолор маалында да Кыргызстанга көмөк көрсөтмөкчүбүз”, - деп белгиленет телеграммада.

Синдзо Абэ дипломаттык мамилелердин орношунун 25 жылдыгы Кыргызстан менен алакаларды андан ары тереӊдетүүгө өбөлгө болот дегене ишенимин билдирип, «Борбор Азия+Жапония» диалогунун алкагында да кызматташтык жанданат деп күтүп жатканын белгиледи.

Япония Премьер-министри Синдзо Абэ Президент Алмазбек Атамбаевге чыӊ ден соолук, ишине ийгиликтерди, Кыргызстан элине жакшылыктарды каалады.

2017-жыл 26-январь