Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинди ай жылнаамасы боюнча Жаңы жыл менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинди ай жылнаамасы боюнча Жаңы жыл – Жаз майрамы менен куттуктады.

 «Ай жылнаамасы боюнча Жаңы жыл – Жаз майрамына байланыштуу чын ниеттен куттуктоолорумду кабыл алып коюңуз.

Биздин өлкөлөр ортосундагы достук жана кошуналык жакшы мамилелер мындан ары да стратегиялык өнөктөштүктүн, соода-экономикалык кызматташтыктын тереңдешине, ошондой эле ири жана өз ара пайдалуу долбоорлордун иш жүзүнө ийгиликтүү ашырылышына өбөлгө болоруна ишенем.

Кыргыз-кытай мамилелерин өнүктүрүү маселелерине өзүңүз көңүл буруп жатканыңыз үчүн Сизге ыраазычылык билдиргим келет», - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Кыргызстан Президенти Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге бекем ден соолук, бак-таалай, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигинде  албан ийгиликтерди, ал эми дос кытай элине – тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

2017-жыл 28-январь