Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Өкмөтүнүн ортосундагы Евразиялык экономикалык интеграция шарттарында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2016-жылдын 26-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразиялык экономикалык интеграция шарттарында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө макулдашууну, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жардам берүү жана анын колдонулушун контролдоо тартиби жөнүндө протоколду жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Техникалык көмөктөшүү жөнүндө протоколду, 2017-жылдын 17-мартында Москва шаарында кол коюлган 2016-жылдын 26-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жардам берүү жана анын колдонулушун контролдоо тартиби жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы протоколду жана 2016-жылдын 26-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Техникалык көмөктөшүү жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 21-июнунда кабыл алынган.
Макулдашууда жана Протоколдордо Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ кошулушу боюнча Жол картасынын иш чараларын каржылоо максатында Казакстан Республикасы тарабынан 100 млн. АКШ доллары суммасында техникалык жардам көрсөтүү каралган.
Жардам берүү жана анын колдонулушун контролдоо тартиби жөнүндө протокол жардам берүүнүн тартибин аныктайт.
Техникалык көмөктөшүү жөнүндө протоколдо финансылоонун сметасы бекитилет
«Жол картасын» ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигине кошулушу үчүн керектүү болгон бажы инфраструктурасынын обьектилерин жайлаштыруу жана техникалык жактан камсыздоону, сыноо лабораторияларын модернизациялоону жана башка маанилүү иш чараларды ишке ашырууну камтыйт. Бул иш чараларды кыргыз тарап евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекеттеринин колдоосу жок ишке ашыра албайт.
Жардам берүү жана анын колдонулушун контролдоо тартиби жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу протоколдо жардам берүүнүн жол жоболорун жөнөкөйлөштүрүү каралган.
Техникалык көмөктөшүү жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдо сметанын суммасы 41 038 096 АКШ долларына чейин көбөйтүлгөн (мурда 7 526 789 АКШ доллары деп кол коюлган).
Макулдашууга жана Пртоколдорго ылайык жардам андан кийин финансылоо үчүн макулдашылган сметаларга жараша берилет.
Биринчи этапта жардам 41 млн АКШ доллары өлчөмүндө берилет.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2017-жыл 21-июль