Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 14-августта, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев   Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Телефондук сүйлөшүүдө тараптар кыргыз-россия кызматташуунун жана өз ара аракеттенишүүнүн, анын ичинде Евразия экономикалык бирликтин алкагында  кызматташуунун мындан аркы келечегинин актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Мамлекет башчылары  Президент Алмазбек Атамбаевдин Россия Федерациясына жасаган мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашуулардын ишке ашырылышынын жүрүшүн талкуулашты.

Андан тышкары, Кыргызстанда өткөрүлгөн “Алтай цивилицазиясы жана алтай тектүү элдер”  эл аралык форумунун жыйынтыктары боюнча пикир алмашышты.

2017-жыл 14-август