Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Курман айтка байланыштуу майрамдык айт-намазга катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти  Алмазбек Атамбаев бүгүн, 1-сентябрда өлкөнүн Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылынын мечитинде Курман айтка карата майрамдык айт-намазга катышты.

Андан кийин Мамлекет башчысы «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондордун жаркын элестерин эскерди. Ошондой эле Президент «Ата-Бейит»  комплексиндеги 1916-жылдагы окуялардын жүрүшүндө курман болгондорун Мемориалына барып, куран окутууга катышты.

2017-жыл 1-сентябрь