Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын жаңы шайланган Президенти Сооронбай Жээнбековдун кызматка киришүү аземин өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйыны өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын жаңы шайланган Президенти Сооронбай Жээнбековдун кызматка  расмий киришүү аземи “Ала-Арча” Мамлекеттик резиденциясындагы “Энесай кабыл алуулар үйүндө 2017-жылдын 24-ноябрында өткөрүлөт.  Иш чаранын сценарийи бүгүн, 21-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчиси Алмазбек Усеновдун төрагалыгы алдында  өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын жаңы шайланган Президентинин кызматка киришүү аземин даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин  кезектеги жыйынынын жыйынтыгында макулдашылды.

Салтанаттуу аземге 450 адам, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Баатырлары, коомчулуктун өкүлдөрү, Өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, дипломатиялык корпус, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чакырылган.

Салтанаттуу иш чара саат 10до башталат.

Инаугурация  аземи  шайланган Президент Сооронбай Жээнбековдун  Кыргызстан  элине ант берүүсүн, ага Мамлекет башчысынын  күбөлүгүн, төш белгисин жана штандартын тапшырууну камтыйт.

Президенттик кызматка киришүү аземи аяктагандан кийин Кыргызстандын борбору Бишкекте  үч ирет артиллериялык залп атылат.

Андан кийин  Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбеков  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин имаратына  багыт алышат. Ал жерде ардактуу кароолдун ротасы тизилип турат.

Андан кийин алар Мамлекет башчысынын жумушчу кабинетине барышат.

Инаугурация аземи  өлкөнүн алдыңкы телеканалдарынын жана Интернет басылмаларда түз эфиринде  көрсөтүлөт.

Бул күнү борборубуздун бир катар көчөлөрүндө транспорт кыймылына айрым чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу тиешелүү маалымат басма сөз аркылуу кеңири коомчулукка жеткирилет.

Уюштуруу  комитеттин жыйынында инаугурация өткөрүүгө кетчү чыгымдын сметасы 8  млн 404 миң 248 сом өлчөмүндө бекитилди. Жыйында  уюштуруу боюнча негизги маселелер талкууланды жана тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине конкреттүү тапшырмалар берилди.  

2017-жыл 21-ноябрь