Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Эмгек кодексине өзгөртүү киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Кабыл алынган мыйзамда  7 жана 8-ноябрь - Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү катары жыл сайын белгиленчү жумушчу эмес майрам күндөрү   катары аныкталат.  Мунун максаты - 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшкө жана трагедиялуу окуяларга, 1917-жылдагы Февраль жана Октябрь революцияларына, совет доорундагы өнүгүү сабактарына жана мурастарына, XX кылымдагы саясый репрессиялардын кесепеттерине обьективдүү тарыхый баа берүү.

Ушул максат менен Мыйзамда Эмгек кодексинин 113-статьясынын 1-бөлүгүнүн он экинчи абзацы жаңы редакцияда берилет:

7 жана 8-ноябрь - Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү.

Мыйзам  расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү милдети тапшырылды.

2017-жыл 22-ноябрь