Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Аскарбек Шадиев Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 1-бөлүгүнүн, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык  Мыйзамынын 24-беренесинин            4-1-бөлүгүнүн негизинде Шадиев Аскарбек Алимбаевичтин отставкасы кабыл алынды жана Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри кызматынан бошотулду.

2018-жыл 13-апрель