Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Бишкек шаардык сотунун судьясынын ыйгарым укуктары токтотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин  сунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктунун жана 95-беренесинин 3-бөлүгүнүн,  «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-1 бөлүгүнүн 5–пунктчасынын негизинде ыйгарым укуктарды жүргүзүп жаткан Исабаев Санжар Мамадиярович сот адилеттигин жүргүзүү менен байланышпаган башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, анын аталган соттогу судьялык ыйгарым укуктары 2018-жылдын 29-майынан тартып токтотулду.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

2018-жыл 31-май