Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Пекин шаарындагы Жеңиш парадына катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 2015-жылдын 3-сентябрында, Кытай Эл Республикасына иш сапарынын алкагында Экинчи  дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына арналган  иш чараларга катышышты.

Тактап айтканда Президент Алмазбек Атамбаев башка  мамлекет башчылары менен бирге  Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарынын Тяньаньмэнь аянтындагы Жеңиш парадына катышышты.

Парадка 10 миңден ашуун аскер кызматкерлери, жөө жоокерлерди, аскердик техникаларды  жана авиациянын колонналарын эске алганда  бардыгы  болуп 50 расчет катышты. Кытай тарап парадда  40 түрдүү 500 техника бирдигин жана 20 түрдөгү 200 самолет демонстрациялады.

Кытайдагы парадда биринчи жолу  миңге жакын чет элдик аскер кызматкерлери, анын ичинде 74 адамдан турган Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын Ардак кароолунун ротасы дагы катышты.

2015-жыл 3-сентябрь