Жерлерди трансформациялоого тиешелүү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам макулдашылган вариантты иштеп чыгуу үчүн каршы пикир менен парламентке кайтарылды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө”, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына каршы пикирин билдирип, Жогорку Кеңешке кайра кайтарды.

Мыйзам  Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 29-июлунда кабыл алынган.

Мамлекет башчысынын каршы пикиринде мындай деп белгиленет:

Биринчиден, кабыл алынган Мыйзам “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы колдонулбай турган жер участокторунун чөйрөсүн негизсиз кеңейтет.

Тактап айтканда, “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы колдонулбай турган жер участокторунун катарына жогоруда аталган Мыйзам күчүнө киргенге чейин жеке турак жайлар курулган жер участокторунан тышкары, калктуу конуштардын өнүгүшүнүн келечектүү планына киргизилген, трансформациялоого ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын уруксат берүүчү документтери бар жер участоктору да кошулат.

Мындай баяндоо жер участокторунун аталган категориясын трансформациялоо үчүн кандай документтер талап кылынаарын тактабайт. Демек, жер участогун трансформациялоо үчүн бир эле органдын (мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын) уруксаты жетиштүү болот деп эсептегенге мүмкүндүк берет.

Ошол эле учурда “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтому менен бекитилген Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жободо белгиленген, колдонулуп жаткан тартипте трансформациялоонун бир нече этаптан турган кыйла татаал жол-жоболору каралган, ага жердин кыртыш-мелиоративдик абалы жөнүндө корутундуларды, райондук комиссиянын корутундусун, райондук мамлекеттик администрациянын жана Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн макулдугун алуу кирет.

Ушуга байланыштуу кабыл алынган Мыйзамда колдонулган айрым түшүнүктөр тактоону талап кылат. Тактап айтканда, жер участокторунун аталган категорияларын трансформациялоо үчүн уруксат берүүчү кайсыл документтер талап кылынаарын тактоо зарыл.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында “калктуу конуштардын өнүгүшүнүн келечектүү планы” деген түшүнүк жок. Алсак, Жер кодексинин 77-беренесине ылайык “калктуу конуштардын жерлери шаар куруу документтерине жана үй куруу жана жерди пайдалануу эрежелерине ылайык пайдаланылат. Калктуу конуштардын башкы пландары өнөр жайы, турак жай жана башка курулуш, калк эс алуучу жайларды көрктөндүрүү жана жайгаштыруу үчүн калктуу конуштардын жерлерин пайдалануунун негизги багыттарын аныктайт”.

Жер кодексинин 80-беренесине ылайык шаардын чеги шаарды өнүктүрүүнүн башкы планынын негизинде аныкталат, ал эми айылдык калктуу конуштардын чеги Жер кодексинин 81-беренесине ылайык “айылдык калктуу конуштарды куруу долбоорунун башкы планын бекиткен орган тарабынан белгиленет жана өзгөртүлөт”. Ошондой эле “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык “калк жашаган пунктун чеги генералдык пландыннегизинде белгиленет жана өзгөртүлөт”. Жер кодексинин 1-беренесинин 2-2-пунктчасында башкы планга (генералдык планга) төмөнкүдөй түшүнүк берилет:

Башкы план - шаардык жана айылдык калктуу конуштардын аймактарын өнүктүрүүнү келечектүү шаар куруу багытында пландоо жөнүндө шаар куруу документтери”.

Ушуга байланыштуу “калктуу конуштардын өнүгүшүнүн келечектүү планы” деген түшүнүктү колдонуудагы мыйзамдарга ылайык келтирүү жана тактоо, же мыйзамдарда белгиленген “башкы план” деген түшүнүктү колдонуу зарыл деп эсептейм.

Экинчиден, кабыл алынган Мыйзам жер участокторун трансформациялоонун бар болгон тартибин колдонууну жокко чыгарат. Жер участокторунун айрым категорияларын трансформациялоонун өзгөчөлүктөрү белгиленген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 9, 12 жана 20-беренелерине өзгөртүүлөргө ылайык бар болгон тартип мораторий күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулган же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын трансформациялоого уруксат берген документтери бар, калктуу конуштардын өнүгүшүнүн келечектүү планына киргизилген сугат айдоо жерлериндеги жер участокторуна колдонулбайт.

Ошол эле учурда кабыл алынган Мыйзамда мораторий колдонулбаган жер участокторун трансформациялоонун кандайдыр бир механизмдери каралган эмес. Ал эми Өкмөт иштеп чыккан мыйзам долбоорунун баштапкы редакциясында жер участокторунун аталган категориясын трансформациялоо Өкмөт аныктаган тартипте жүргүзүлөт деп каралган.

Ошентип, кабыл алынган Мыйзам колдонуудагы мыйзамдарда боштукту жаратат, анын кесепетинен жер участокторун трансформациялоодо коррупциялык тобокелдиктер пайда болот. Тактап айтканда, Мыйзамда кызмат адамдарына дискрециялык ыйгарым укуктар берилген, мында алар кабыл алынган Мыйзамдын жоболорун өзү каалагандай колдонууга жана талаш чечимдерди кабыл алууга укуктуу болуп калган.

Үчүнчүдөн, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык “айыл чарба жерлерин айыл чарба багытындагы, токой, суу фондунун жана запастагы жерлердин категорияларынан айыл чарбалык жана токой чарбалык өндүрүшкө байланышпаган жерлердин башка категорияларына же чарба жеринин түрлөрүнө которууда,жоготуунун жана алынбай калган пайданын наркынын суммасы жаңы жер пайдалануучулар жана менчик ээлери тарабынан төлөнөт”.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 
5-январындагы № 1 “Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын ченемдерин бекитүү жана алардын ордун толтуруу тартибинде келип түшкөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө” токтомунун 4-пунктуна ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруудан түшкөн каражаттар республикалык бюджетке, ал эми алынбай калган пайданын ордун толтуруудан түшкөн каражаттар жергиликтүү бюджеттерге түшөт.

Кабыл алынган Мыйзамда көрсөтүлгөн жерлердин категориясын которууда (трансформациялоодо) айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруудан бошотуу республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин киреше бөлүгүнүн түшүп калуусунун тобокелдигин пайда кылат.

Төртүнчүдөн, Мыйзамды кабыл алууда, тактап айтканда мыйзам долбоорун үчүнчү окууда караганда мыйзам долбоорунун мазмунун олуттуу өзгөрткөн сунуштар киргизилген, демек “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 58-беренесинин 2-бөлүгүнүн жоболору бузулган, ага ылайык “мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароодо анын текстинин мазмунуна өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт”.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 2-бөлүгүнүн 
1-пунктун жана 81-беренесинин 2-бөлүгүн жетекчиликке алып, 
2017-жылдын 29-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө”, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын макулдашылган вариантты иштеп чыгуу үчүн кайра кайтарылат.

10-август, 2017-жыл
Басып чыгаруу