Президент Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга мамлекеттик сапарынын алкагында биргелешкен документтерге кол коюу аземи өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин  Өзбекстан Республикасына жасаган  мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн, 5-октябрында, биргелешкен документтерге кол коюу аземи өткөрүлдү.

Президент Алмазбек Атамбаев менен  Президент Шавкат Мирзиёев  “Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда стратегиялык өнөктөштүк, ишенимди, жакшы коңшулаштыкты чыңдоо жөнүндө” Декларацияга кол коюшту.

Мамлекеттик сапардын жүрүшүндө ошондой эле төмөндөгү документтерге кол коюлду:

2017-жылдын 5-сентябрындагы  Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-өзбек Мамлекетик чек арасы жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу Макулдашуу  боюнча ратификациялык грамоталар менен алмашуу боюнча Протокол;

Кыргыз Республикасынын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы (финансылык полиция) менен Өзбекстан Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу  Салык, валюталык кылмыштарга жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы күрөшүү боюнча департаментинин ортосунда  “Экономикалык жана финансылык кылмыштарга каршы күрөштө кызматташуу жөнүндө” Макулдашуу;

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети менен Өзбекстан Республикасынын статистика боюнча мамлекеттик  комитетинин ортосунда расмий  статистика  чөйрөсүндө өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандум;

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги  менен Өзбекстан Республикасынын Ички иштер министрлигинин ортосунда “Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун  мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөштө кызматташуу жөнүндө” Макулдашуу;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда  Кыргыз Республикасына  минералдык жер семирткичтерди жеткирүү боюнча Макулдашуу;

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитетинин ортосунда   туризм чөйрөсүндө кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө  Макулдашуу;

Кыргыз Республикасынын Башкы штабы менен Өзбекстан Республикасынын Коргоо министрлигинин ортосунда  “Аскердик кызматташуу жөнүндө” Макулдашуу;

Кыргыз Республикасынын  Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен Өзбекстан Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу  Дин иштери боюнча комитеттин ортосунда  кызматташуу боюнча Меморандум;

“Кабар” улуттук маалымат агенттиги менен Өзбекстан маалыматтык агенттигинин ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандум;

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлиги  менен Өзбекстан Республикасынын Тышкы соода  министрлигинин ортосунда  “Транспорт тармагында кызматташуу жөнүндө” Меморандум;

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад шаарынын  мэриясы менен Өзбекстан Республикасынын Наманган шаарынын хокимиятынын ортосунда “Соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдө кызматташуу жөнүндө” Макулдашуу;

Кыргыз Республикасынын Баткен шаарынын  мэриясы менен Өзбекстан Республикасынын Фергана шаарынын хокимиятынын ортосунда “Соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдө кызматташуу жөнүндө” Макулдашуу.

5-октябрь, 2017-жыл
Басып чыгаруу