Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Ананьево айылындагы автогазозаправка станциясындагы жарылуудан улам каза тапкандардын туугандарына көңүл айтты жана материалдык жардам көрсөтүү боюнча тапшырма берди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек  Атамбаев   бүгүн,  20-июнда,  кечэ, 19-июнда, Ысык-Көл облусундагы Ананьево айылындагы автогазозаправка станциясындагы жарылууда каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына  көңүл айтты.

Мамлекет башчысы каза тапкандардын үй-бүлөсүнө жана жапа чеккендерге  материалдык жардам көрсөтүү боюнча тапшырма берди.

Жарылуудан улам 2 адам каза таап, 8 адам жапа чеккен.

2017-жыл 20-июнь