Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Нью-Йоркто БУУнун Генералдык ассамблеясынын 72-сессиясынын жалпы дебаттарынын расмий ачылышына катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек  Атамбаев бүгүн, 19 сентябрда Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарында БУУнун Генералдык ассамблеясынын 72-сессиясынын жалпы дебаттарынын расмий ачылышына катышты.

Мамлекет башчысы БУУнун башкы кеңешме органы - Генералдык ассамблеянын жалпы дебатыныны ачылышына катышты.  Азыркы дебаттардын темасы  “Көңүлдү адамга  буруу менен: жашоого жөндөмдүү планетада бардыгы үчүн  тынчтыкты жана татыктуу турмушту камсыз кылууга умтулууда”.

БУУнун Генералдык ассамблеясынын  жалпы дебаттарынын алкагында  БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерреш,  АКШнын Президент Дональд Трамп жана башка бир катар дүйнөлүк лидерлер чыгып сүйлөштү.

2017-жыл 19-сентябрь