Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков “Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекcине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 26-октябрында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты - жарандын эркиндик жана жеке кол тийбестик  боюнча конституциялык укугун коргоо.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 94-статьясынын 2-бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү менен кылмыш жасоого шектелген адамдарды кармоо үчүн негиздер конкреттештирилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

4-декабрь, 2017-жыл
Басып чыгаруу