Эрнист Апилов Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелер боюнча комиссиянын жооптуу катчысы болуп дайындалды

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Апилов Эрнист Мыктыбекович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелер боюнча комиссиянын жооптуу катчысы болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

10-февраль, 2018-жыл
Басып чыгаруу