Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына иш сапарларын улантууда.

Мамлекет башчысы бүгүн, 3-майда Кыргызстандын Ысык-Көл областына эки күндүк жумушчу сапар менен барды.

Сапардын алкагында жергиликтүү жашоочулар менен жолугушат, курулуп жаткан социалдык жана инфраструктуралык объектилер менен таанышат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына киришкенден бери Сооронбай Жээнбеков жумушчу сапар менен Нарын облусунун Жумгал жана Кочкор райондорунда, Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда болгон.

2018-жыл 3-май