Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков: Ысык-Көл – жерибиздин баа жеткис бермети, баарыбыз аны сакташыбыз керек

«Ысык-Көл — бул бизнес же акча табуунун гана объектиси эмес. Эн оболу ал биздин жерибиздин баа жеткис бермети, баарыбыз аны сакташыбыз керек!», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-майда Ысык-Көл облусуна болгон эки күндүк жумушчу сапарынын алкагында Ысык-Көл районунун жашоочулары менен жолугушуусунда.

Ал жарандык активисттер жана волонтерлор Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо иштерине активдүү катышып жатканын белгиледи.

«Мен Ысык-Көлүбүзгө аяр мамиле жасоого, экологиясын сактоого өзгөчө көңүл бурууга баарыңыздарды чакырып кетет элем! Ооба, туризм тармагында жергиликтүү эл нанын таап, оокатын кылып жатат. Бирок Ысык-Көл эң оболу бизнес же акча табуунун объектиси эмес, ал биздин жерибиздин баа жеткис бермети экенин унутпашыбыз керек! Ошондуктан, эң биринчи кезекте жергиликтүү эл, андан кийин туристтер — бардыгыбыз Ысык-Көлдүн экологиялык абалына кайдыгер карабай, аны сактоого болгон күч-аракетибизди жумшашыбыз керек!», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Муну менен бирге Президент Сооронбай Жээнбеков туризмди өнүктүрүү тармагында инфраструктураны өнүктүрүүнүн, жолдорду куруунун, сервис жана тейлөөнү жакшыртуунун маанисин дагы белгиледи.

2018-жыл 4-май