Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Дмитрий Медведевди Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын кызматына бекитилгени менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Дмитрий Медведевди Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын кызматына бекитилгени менен куттуктады.

«Россиянын Мамлекет башчысы жана Мамлекеттик Думанын депутаттары тарабынан Сизге көрсөтүлгөн бийик ишеним Сиздин өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыздоодогу салымыңызды жана мамлекеттик башкаруудагы өтө чоң тажрыйбаңыз менен адискөйлүгүңүздү тааныгандыктын эң негизги далили болуп саналат. Өзгөчө Сиздин кыргыз-россиялык биримдикти жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жана өнүктүрүүгө болгон жеке салымыңызды белгилеп кетким келет. Кыргызстан жана Россиянын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты өлкөлөрүбүздүн элдеринин жакшылыгы үчүн өстүрүүнү улантаарыбызды ишенем», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков жана Дмитрий Медведевге бекем ден соолук, бакубатчылык жана жооптуу кызматында албан ийгиликтерди каалады.

2018-жыл 8-май